Ош: "Коопсуз шаар" долбоорунан былтыркы жылы канча акча өндүрүлдү?

Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоорунан 44 млн сом түшкөн. Бул тууралуу бүгүн , 27-февраль күнү Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максат Орозалиев Ош шаардык кеңешинин сессиясында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында , айып пулдардан түшкөн акчалардын 50%ын Орусиянын "Мегафон" компаниясы алат. Калган акчаны Каржы министрлиги мэриянын ишканаларына жана башка ишканаларга бөлүп берет.
"Шаарга жалпы 60 камера коюлган. 2024- жылы 81 миң айып салуудан 44 млн акча өнгөн. Анын 50 пайызын "Мегафон" компаниясы алат. Калганын Каржы министрлиги бөлүп берет ишканаларга",- деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.