Сербияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта жеңүүчү болгон спортчуларга канча акча берилди?
Кыргызстандын күрөш федерациясы Сербияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында жеңишке жеткен жана байге алган спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды.
23 жашка чейинки спортчулар арасындагы бул мелдеш 20–27-октябрь күндөрү Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн. Кыргызстан курамасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча эркектер жана аялдар арасында жалпысынан 23 балбан катышты.
Жыйынтыгында кыргыз спортчулары жалпы 4 медаль — 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге утуп алышты.
Күрөш федерациясы жеңүүчүлөргө жана алардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктарды тапшырды:
- Нурзат Нуртаева (алтын) — 200 000 сом;
- Өмүрбек Асан уулу (күмүш) — 150 000 сом;
- Гүлнура Таштанбекова (коло) — 100 000 сом;
- Билол Шарип уулу (коло) — 100 000 сом;
- Нурбек Изабеков (тренер) — 200 000 сом;
- Ильгиз Жакыпбеков (тренер) — 150 000 сом.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




