Нурзат Нуртаева дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандын балбаны Нурзат Нуртаева Сербияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңди.
Ал 72 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдан баштаган.
Алгач Германиянын өкүлүн жеңип, чейрек финалда россиялык балбан менен болгон таймашта упай айырмасы менен үстөмдүк кылган.
Жарым финалда чоңдор арасындагы 2024-жылкы Азия чемпиону болгон япониялык спортчуну 6:3 эсебинде утуп, финалга жол ачкан.
Чечүүчү беттеште Нуртаевага атаандаш болгон спортчу — 2024-жылы 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиону, АКШнын өкүлү.
Финалдык таймаш курч мүнөздө өтүп, Нурзат биринчи бөлүктө 1:0 эсебинде алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө 3:10 эсебинде утулуп жатып, таймаштын соңунда айланып келип 11:10 эсебинде укмуштуудай жеңишке жетишти.
Ошентип, Нурзат Нуртаева 1-орунду ээлеп, жаштар арасындагы дүйнө чемпиону аталды.
72 кг салмак категориясы боюнча жыйынтыктар:
1/8 финал:
Нурзат Нуртаева — Лаура Кохлер (Германия) — 6:1
Чейрек финал:
Нурзат Нуртаева — Лилиана Рожина (Орусия) — 2:2 (жеңиш Нуртаевага берилди)
Жарым финал:
Нурзат Нуртаева — Махиро Йошитаке (Япония) — 6:3
Финал:
Нурзат Нуртаева — Джасмин Долорес Робинсон (АКШ) — 11:10
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




