Ооганстандагы жер титирөөдөн улам каза болгондордун саны 20га жетип, 320 адам жараат алды
Ооганстанда болгон жер титирөөнүн натыйжасында кеминде 20 адам каза болуп, 320 адам жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирди. Буга чейин агенттик 7 адам каза болуп, 150 адам жаракат алганын маалымдаган болчу.
Жер титирөө 3-ноябрда саат 01:29да Афганистандын Мазари-Шариф шаарына жакын жерде болуп, магнитудасы 6,3кө жеткен. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, очогунун тереңдиги 28 чакырым болгон.
Жер титирөөнүн силкинүүсү башка өлкөлөрдө да сезилди — Пакистанда, Түркмөнстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана Казакстанда. Өзбек сейсмологдорунун маалыматы боюнча, эгерде эпицентрде жер титирөөнүн күчү 7 балл болсо, Өзбекстандын Афганистан менен чектеш Сурхандарья облусунун айрым аймактарында ал 5 баллга чейин жеткен. Калган аймактарда, анын ичинде Ташкент шаарында, 3 баллдан ашкан эмес.
Тажик адистери Душанбеде жер титирөө 4 балл, Пенжикент шаарында 3 балл болгонун билдиришкен.
Казакстандын түштүгүндө силкинүү мындан да алсызыраак — 2 баллдан ашкан эмес. Бул аймактардын ичинен өзгөчө Шымкент шаары менен Түркестан облусунун айрым калктуу конуштары жабыркаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




