ИИМ эскертет: Сак болуңуз! Эч кимге жеке маалыматтарыңызды бербеңиз

Алдамчылар WhatsApp аркылуу кыргызстандыктарга чалып, өзүдөрүн «Түндүк» системасынын кызматкери катары тааныштырып, жеке маалыматтарды, коддорду, сырсөздөрдү же документтердин сүрөттөрүн берүүнү талап кылышууда.

ИИМдин маалымат кызматы жарандарды эскертип, алдамчыларга ишенбөөгө чакырды.

«Жеке маалыматтарыңызды коргоңуз — алдамчылар сиздин ишенимиңизди пайдалана албайт. Алдамчы аракеттерге тиешеси бар адамдар мыйзам чегинде жоопко тартылышат», — деп билдиришти ведомстводон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз