АКШ менен Орусиянын дипломаттары Стамбулда элчиликтердин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

Стамбулда Россия менен АКШнын делегациялары элчиликтердин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады.
 
«КоммерсантЪ» басылмасынын маалыматына караганда, Стамбулда Россия менен АКШнын делегациялары эки өлкөнүн элчиликтеринин ишин калыбына келтирүү маселесин талкуулоо үчүн жолугушту.
 
Бул сүйлөшүүлөр тууралуу бир күн мурда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирген. Анын айтымында, башкы тема – эки мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгү.
 
Жолугушуу АКШнын башкы консулунун Босфор жээгинде, Арнавуткей районунда жайгашкан резиденциясында өтүүдө. Тараптар дипломатиялык кызматкерлердин саны, виза берүү маселелери жана дипломаттардын иштеши үчүн зарыл болгон банктык операцияларды талкуулашат.
 
Түркиядагы бул сүйлөшүүгө чейин Москва менен Вашингтондун эки техникалык жолугушуусу болгон. Ал эми 18-февралда Эр-Риядда өткөн сүйлөшүүлөрдө эки тарап дипломатиялык миссиялардын кызматкерлеринин санын көбөйтүү жана элчилерди тез арада дайындоо боюнча макулдашкан.
 
АКШнын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин саны акырындап 2021-жылдын апрель айынан тарта кыскарган. Анда президент Владимир Путин АКШны "достук эмес өлкөлөрдүн" тизмесине киргизип, алардын дипломатиялык ишмердүүлүгүнө чектөө киргизген. Буга жооп катары, АКШнын элчилиги орусиялыктарга кызмат көрсөтүүнү кыскарткан.
 
Орус жана америкалык дипломаттарды өз ара чыгаруу 2022-жылы да уланып, Вашингтондон кеминде 45 орус дипломаты кеткен. Ал эми 2023-жылдын башында дагы 30 орус дипломаты АКШдан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз