Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин билим берүү программасы эл аралык аккредитациядан өттү
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин «Дарылоо иши» (560001. чет элдик студенттер үчүн) жогорку кесиптик билим берүү программасы IAAR агенттиги тарабынан 5 жылдык эл аралык (EX-ANTE) программалык аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган билим берүү программасынын ишмердүүлүгүн баалоо WFMO, AMSE, ESG стандарттарынын негизинде жүргүзүлүп, IAAR агенттигинин Аккредитациялык кеңешинин 2025-жылдын 30-октябрындагы отурумунун №98 чечиминин негизинде университетке медициналык багыттагы адистерди даярдоо дүйнөлүк жана европалык талаптарга жооп бергендигин тастыктаган сертификат ыйгарылды. Аккредитациянын жыйынтык отчету эл аралык DEQAR маалымат базасына жүктөлүп, университеттин эл аралык билим берүү мейкиндигиндеги ордун бекемдеди.
Көз карандысыз аккредитацияга даярдоо жана өткөрүү иши университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун жеке көзөмөлүндө жүрүп, Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин кызматкерлеринин, тиешелүү жетекчилердин, Эл аралык медициналык факультетинин жана жалпы жамааттын бирдиктүү иш-аракети аркылуу ишке ашты.
«Бул жетишкендик — университетибиздеги билим берүүнүн сапаты дүйнөлүк стандарттарга шайкеш экендигинин айкын далили!», - деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




