БШК Нурланбек Пусуровду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кечээ, 6-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №9 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Нурланбек Пусуровду каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Маалыматка караганда, Пусуров 2025-жылдын 23-октябрында БШКга арыз берип, шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катышуу ниетин билдирген. Бирок 6-ноябрда өткөн жумушчу топтун жыйынында анын талапкерлигин мыйзамдагы талаптарга шайкеш келбейт деген негизде кароо жүрүп, БШКга каттоодон баш тартуу боюнча сунуш берилген.
Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Пусуров 2011-жылдан 2019-жылга чейин уюшкан кылмыштуу топко жана куралдуу топко тиешеси бар адам катары алдын алуучу каттоодо турган.
Мындан тышкары, Билим берүү сапатын өнүктүрүү департаментинин 3-ноябрдагы маалымдамасында Пусуров көрсөткөн Ош мамлекеттик университетинин 2000-жылы берилген дипломунун аныктыгы тастыкталбаганы белгиленген.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, уюшкан кылмыштуу топко же куралдуу уюмга тиешеси бар адамдарды талапкер катары каттоого жол берилбейт.
Жыйынтыгында, Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү мыйзамдардын негизинде Нурланбек Пусуровду №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




