Шайлоо–2025: Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоосу үчүн үгүт иштери башталды
Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата үгүт иштери расмий түрдө башталды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, үгүт кампаниясы талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бул ирет жалпы 467 талапкер катталган. Алардын ичинен 276сы эркек, 191и аял.
Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Үгүт 20 күнгө созулат — 2025-жылдын 10-ноябрынан 29-ноябрь күнү 8:00гө чейин.
БШК билдиргендей, ушул күндөн тартып талапкерлер жана саясий партиялар шайлоочуларды белгилүү бир талапкерлер үчүн же аларга каршы добуш берүүгө үндөгөн, ошондой эле программаларын талкуулоого багытталган иш-чараларды өткөрө алышат. Үгүт иштери чогулуштарда, митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар аркылуу жүргүзүлөт.
Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү үчүн жайларды жана үгүт материалдарын жайгаштыруучу аянттарды камсыз кылууга милдеттүү.
Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, диний ишмерлерге, байкоочуларга, 18 жашка толо элек жарандарга, ошондой эле чет элдик жарандарга жана уюмдарга үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.
Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үгүт жүргүзүүгө да уруксат берилбейт.
БШК эскертет: талапкерлердин жана партиялардын аброюна шек келтирген маалыматтарды тараткан жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчиликке тартылат.
Шайлоо алдындагы каржылоону талапкерлер жана партиялар өз шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүүгө укуктуу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




