«Карамык» көзөмөл өткөрмө бекетинин чек арачыларына батирлер тапшырылды

Ош облусунда 11-ноябрда чек арачыларга жаңы кызматтык батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынан билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Жаңы турак жай комплекси Ош облусунун жогорку тоолуу жана алыскы «Карамык» чек ара заставасынын аймагында курулган.

Кызматтык үйдө чек арачылар жана алардын үй-бүлөлөрү жашашы үчүн бир бөлмөлүү 18 жана 2 эки бөлмөлүү батир бар.

Жаңы конуштун ачкычтарын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү тапшырып, чек арачылардын муктаждыктарына мамлекет тарабынан туруктуу көңүл буруу маанилүү экенин белгиледи.

«Чек ара кызматы өлкөнүн коопсуздугу жана аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча өзгөчө жоопкерчилик тартат, айрыкча мындай жетүүгө кыйын, тоолуу аймактарда. Мамлекет чек араны күнү-түнү кайтарып турган аскер кызматкерлерине татыктуу шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Биз мындан ары да аскерлердин социалдык камсыздалышына өзгөчө көңүл бурабыз, анткени алардын ишенимдүүлүгү менен турмуштагы бейпилдиги түздөн-түз мамлекет чек арасын бекем коргоого таасир этет», — деди ал.

Комплекстин аймагында балдар аянтчасы, спорттук аянтча, көмүр кампасы менен кошо котельня жана трансформатордук подстанция орнотулган.

Мындан тышкары, суу сактагыч резервуарлары, анын ичинде өрт өчүрүү үчүн өзүнчө запасы жана саркынды суу системасы каралган.

Жашоо комплекси жашылдандырылып, аймак толук ирээтке келтирилген, ички жолдор жана унаа токтотуучу жайлар курулган.

Башка укук коргоо органдары менен өз ара кызматташтык алкагында батирлердин бири Чоң-Алай районунун Карамык айылынын ички иштер бөлүмүнүн (ПОМ) кызматкерине берилди.

Чек ара кызматы билдиргендей, бул объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, белгиленген мөөнөттө — бир жарым жыл ичинде курулуп бүттү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз