Сабактардан кийин жарык өчүрүлүшү керек: Билим берүү министрлиги мектептерде энергияны үнөмдөө чараларын киргизүүдө

Билим берүү уюмдарында энергияны үнөмдөө чаралары киргизилип жатат деп маалымдады Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Бул чаралар 2025-жылдын 5-ноябрындагы №949 «Электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу чаралары жөнүндө» токтомго ылайык ишке ашырылууда.

Министрликтин түшүндүрмөсүнө ылайык, окуу процессинин аяктагандан кийин (сабактар бүтөрү менен), класстарды тазалоо убактысын эске алуу менен, эң көп дегенде 60 мүнөттүн ичинде имараттагы электр жабдуулары өчүрүлүүгө тийиш.

Бул чектөө имараттын иштешин жана коопсуздугун камсыз кылган инженердик системаларга жана жабдууларга тиешелүү эмес.

Мындан тышкары, бул талаптар окуучулар жашаган объектилерге жана мекемелерге (анын ичинде жатаканаларга) колдонулбайт.

Министрлик кошумчалагандай, мектептердеги сабактардын узактыгы кыскартылбайт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз