Ноокаттык жаштар президент катышкан форумда жаңы демилгелерди сунушташты
10-ноябрь күнү Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн өлкө борборундагы «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу республикалык жаштар форумуна Ноокат районунун өкүлдөрү да катышышты. Бул тууралуу Ноокат райондук жаштар комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, форумга Ноокат райондук жаштар комитетинин төрагасы Семетей Бакытбеков, төраганын орун басары Мухаммед Адилбеков, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Таттыбүбү Маматкабыл кызы, райондук китепкананын директору Али Умаров, Көк-Бел айыл өкмөтүнүн көркөм жетекчиси, медиатор Нурила Өскөнбаева жана жаштар комитетинин бир катар мүчөлөрү катышып, жаштардын үнүн угузушуп, өз ой-пикирлерин жана демилгелерин сунушташты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жаштар саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу, билим берүү, экология жана аймактарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, заманбап Кыргызстанды курууда жаштардын ордун чыңдоо боюнча сунуштарды билдиришти.
«Бул иш-чаранын негизги максаты — жаш муундардын өлкөнүн өнүгүүсүнө карата көз караштарын угуу, алардын сунуштарын колдоо жана жигердүү жаштарды бириктирүү болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.
Райондук жаштар комитетинин төрагасы Семетей Бакытбеков форум жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү белгиледи.
«Бул форум жаштардын демилгелерин колдоого, алардын үнүн угууга жана биримдикти чыңдоого чоң мүмкүнчүлүк берди. Биз алган тажрыйбабызды райондук деңгээлде жаштар менен бөлүшүп, жаңы долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатабыз», — деди ал.
Ноокаттык делегация форумдан жаңы идеялар жана жаңы сунуштар менен кайтып келишти. Алар алдыда райондук жаштардын активдүүлүгүн арттыруу, коомдук турмушка катышуусун кеңейтүү жана өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу багытында ишин улантышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




