UFC президенти Шевченко менен Чжандын беттеши боюнча комментарий берди
Нью-Йоркто (АКШ) UFC 322 турниринин катышуучуларынын маалымат жыйыны өттү.
Турнир 16-ноябрда Нью-Йорк шаарындагы «Мэдисон Сквер Гарден» аренасында болот.
Башкы беттеште Валентина Шевченко өзүнүн чемпиондук наамын Кытай спортчусу Вейли Жангга каршы коргойт.
Маалымат жыйынында бир журналист суроо узатты:
— Көптөгөн күйөрмандар бул беттешти жөн гана ажеңил салмактагы титул үчүн болгон мушташ эмес, бардык убактагы мыкты айым-мушкер статусу үчүн болгон кармаш деп эсептешет. Сиздер буга макулсуздарбы?
Вейли Жанг: Ооба, макулмун.
Валентина Шевченко: Мен бул мыкты беттеш болот деп ойлойм. Мен сөзсүз 100% күчүмдү жумшап, мыкты беттеш көрсөтөм. Өзүмдүн тажрыйбамды, ылдамдыгымды жана күчүмдү толук пайдаланам. Бул жерге курду коргоо жана дивизиондун чемпиону бойдон калуу үчүн келдим.
UFC президенти Дана Уайт: Ооба, биз чыныгы супер-бой тууралуу сөз кылуудабыз — эки өз дивизионунун чемпиондору, PFP рейтингинде биринчи номер экинчи номерге каршы. Мындан мыкты эч нерсе жок деп эсептейм!
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




