Ош шаарындагы бир катар муниципалдык ишканалардын жетекчилери ротацияланды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин буйругу менен бир катар муниципалдык ишканалардын жетекчилери алмашты.
"Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасынын башчылыгына Шакир уулу Нурсултан дайындалды. Буга чейин ал Ош шаарынын мэриясынын Жарандарды тейлөө бюросун жетектеп келген. Ошондой эле, мурда Ош шаардык муниципалдык турак жай-коммуналдык чарба ишканасынын башчысы, аталган чарба комбинатынын башчысынын орун басары жана Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенген.
Ал эми аталган комбинаттын мурдагы жетекчиси Большевиков Абай Кылычбекович «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Ал бул кызматка 2023-жылдын апрель айында келген.
«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасын буга чейин Каракулов Нурмухаммед Давыдович жетектеп келген. Ал эми жаңы дайындоо боюнча эми Ош шаарынын мэриясынын Жарандарды тейлөө бюросун жетектемекчи.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.