Мунарбек Сейитбек уулу Индия өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Мунарбек Сейитбек уулу Индияда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө кубогунун этаптарын жеңиш менен баштады.

Дүйнө кубогунун үчүнчү, акыркы этабы 16-ноябрда Большая Нойда шаарында старт алды.

Сейитбек уулу 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, мелдешти дароо чейрек финалдан баштады. Ал биринчи беттешинде Польшанын өкүлү менен таймашып, калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңишке жетти.

Кыргызстандык боксчу жарым финалга чыкты. Ал бул айлампада Англиянын спортчиси Уильям Дэвид Хьюиат менен 19-ноябрда беттешет.

70 килограммга чейинки салмакта Кыргызстандан Ихтияр Нишонов катышты. Ал чейрек финалда Казакстандын өкүлү менен беттешип, разъезд чечим менен утулуп калды.

17-ноябрдагы жыйынтыктар

60 кг чейин
Чейрек финал
Мунарбек Сейитбек уулу — Павел Брач (Польша) — 5:0 (29:27, 30:26, 29:27, 30:26, 30:26)

70 кг чейин
Чейрек финал
Мурсал Нурбек (Казакстан) — Иштияр Нишонов — 3:2 (29:28, 28:29, 28:29, 30:27, 29:28)

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз