Алтынбек Пирматовду сот 1000 000 сом төлөөгө милдеттендирди
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Пирматовго соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка карагандай, Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 24-февралындагы өкүмүнүн негизинде П.А.А. Кылмыш-жаза кодексинин 337-ст. 3-б. менен күнөөлүү деп табылып, 10 000 эсептик көрсөткүчтө айып салынган, тактап айтканда, 1 000 000 (бир миллион) сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлүүсү милдеттендирилген.
Айыпталуучу П.А.А. карата камактагы бөгөт коюу чарасы эч жакка кетпөө түрүнө өзгөртүлүп, камактан бошотулган. Буга чейин Алтынбек Пирматовдун жактоочусу судьяга 3 ирет ишенбөөчүлүк билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.