"Жаш шумкарлардын" капитаны Орусиядан ири эсепте жеңилгенден кийин кечирим сурады
Кыргызстандын жаштардан түзүлгөн (U-23) курама командасы Манас кубогунун 2025-жылдагы чечүүчү беттешинде Орусиянын (U-21) курамасына утулуп калды.
Оюн 18-ноябрда Манас шаарында өтүп, эсеп 8:0 менен Орусиянын пайдасына жыйынтыкталды.
«Азыр оюнга баа берүү абдан кыйын. Орусиянын курамасы өздөрүнүн даярдык деңгээлин көрсөттү, биз да өз деңгээлибизди көрдүк. Пландалган иштерди аткара алган жокпуз. Азыр бул тууралуу кенен талкуулаш кыйын, эки-үч күн өткөндөн кийин каталарыбызды толук карап чыгышыбыз керек. Бизде иштей турган, өсө турган жерлер абдан көп деп ойлойм.
Турнирден абдан ыраазы болдук. Уюштуруучуларга жана күйөрмандарга терең ыраазычылык билдиребиз. Кийинки жылы турнир дагы да кызыктуу болот деп ишенем.
Күйөрмандарга чоң рахмат. Бүгүн биз каалаган натыйжа болгон жок. Күйөрмандарды кубанта алган жокпуз. Кечирим сурайбыз жана каталарыбыздын үстүнөн иштеп, футболчу катары өскөнгө аракет кылабыз», — деп билдирди Кыргызстандын курама командасынын капитаны Саид Дациев оюн соңунда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



