55 миллион долларлык мечит: Садыр Жапаров ишкер Хабибулла Абдукадырдын белеги жөнүндө айтып берди
Президент Садыр Жапаровдун Хабибулла Абдукадыр 55 млн долларга куруп жаткан мечит боюнча «Кабар» улуттук маалымат агенттигине маек курду. Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз.
— Саламатысызбы, Садыр Нургожоевич! Жакында бизге берген маегиңизде ишкер Абдукадыр Хабибулла «Нарын» ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана куруп жатканы менен катар эле, Кыргызстан эли үчүн 55 млн долларга мечит куруп жатканын айттыңыз. Бул боюнча окурмандардан, айрыкча дин жаатында кызыккандардан көп суроолор түштү: «Бул кандай мечит? Мунун артында жеке кызыкчылык жокпу?»
— Саламатсыздарбы! Бул жөн гана мечит эмес. Анын алдында медресе да ачылат. Балдар ошол жерде жашап, тарбия алып, диний сабактарды системалуу түрдө окушат.
Бүгүн ислам дин ичинде ар кандай агымдар кескин көбөйдү — 10–15ке чейин жетти, алардын арасында терс, зыяндуу болгон агымдар да бар.
Көп учурда кыргыздар: «Сенин жолуң туура эмес», «Жок, сеники туура эмес», — деп талашып жүрүшөт. Биз ушулардын баарын тартипке салып, бирдиктүү мамилеге келтиргибиз келет. Ушундай шартта диний сабаттуулук мамлекет үчүн өтө маанилүү.
Мурда жаштар диний билим алуу үчүн башка өлкөлөргө кетишчү. Көзөмөлдүн жоктугунан айрымдары туура эмес таасирге кабылчу. Эми балдарды 18 жашка чейин өз өлкөбүздө эле окутуп, туура багыт көрсөтөбүз. Медресени бүткөндөр Токмок шаарында ачылган Ислам академиясында окуусун уланта алышат.
Булардын баары өлкөдө бирдиктүү диний билим берүү системасын түзүүгө багытталган кадамдар.
Кыргызстанда төрт миңге жакын мечит бар. Ошол мечиттерге медресе жана академия бүтүргөн адистерди имам катары дайындап барабыз. Бул пикир келишпестиктерди азайтып, бөлүнүүнүн алдын алып, туура эмес агымдардын таасирин төмөндөтүүгө жардам берет.
Керек болсо мамлекет дагы колдоо көрсөтөт.
Ишкер Хабибулла мейманканасын өзүнчө бизнес катары өнүктүрөт, ал эми мечит — бул анын элге тартуулаган белеги. Инвесторлорду «мындай, тигиндей» деп бөлбөш керек, тескерисинче аларга иштегенге шарт түзүп беришибиз зарыл.
Ал кааласа, болгону мейманкана менен гана чектелмек. Бирок ал өз демилгеси менен бир нече миң адамга ылайыкташкан, медресеси жана жатаканасы бар чоң мечит куруп жатат. Бул жерде жеке кызыкчылык жок.
Курулуш бүткөндөн кийин мечит толугу менен кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. Мындан тышкары, ал келечекте мечиттин чыгымдарына да көмөк көрсөтөрүн убада кылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




