Бокс боюнча дүйнөлүк чемпионат: Бүгүн Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттешин өткөрөт

Мунаpбек Сейитбек уулу бүгүн, 20-ноябрь күнү Индияда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө кубогунун финалдык беттешине чыгат.

Кубоктун акыркы – үчүнчү этабы бул күндөрү Ири Нойда шаарында өтүп жатат.

Сейитбек уулу 60 кг чейинки салмакта таймашууда. Ал мелдешти чейрек финалдан баштап, Польша жана Англиянын спортчуларын утуп, финалга чейин жетти.

Алтын медаль үчүн болгон финалдык кармашта кыргызстандык мушкер Индиянын өкүлү Сачинге каршы рингге чыгат.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча 18:30да башталат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз