Мээрим Жуманазарова VI Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү болду
Мээрим Жуманазарова 68 кг салмак категориясында күч сынашты. Кыргызстандык балбан кыз алгачкы беттештерде бангладештик Халима Актерди 6:0, азербайжандык Нигар Мирзазаданы 12:1 эсеби менен жеңип, турнирдин финалына чыкты.
Чечүүчү финалдык кармашта Мээрим Жуманазарова өзбекстандык Светлана Окназарованы 11:0 эсеби менен утуп, VI Ислам шериктештиги оюндарында алтын медалга ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



