Мунарбек Сейитбек уулу Дүйнөлүк кубокто күмүш медалга ээ болду
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Индияда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө кубогунун этабында экинчи орунду ээледи.
Дүйнө кубогунун үчүнчү, соңку этабы ушул күндөрү Индиянын Большая Нойда шаарында өтүүдө. Кыргызстандык спортчу 60 кг салмак категориясында күч сынашып, таймаштарды 1/4 финалдан баштаган.
Сейитбек уулу алгачкы беттешинде Польшанын өкүлүн 5:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми жарым финалда сентябрь айында дүйнө чемпионатында утулуп калган Англиянын спортчусунан реванш алып, финалга чыккан.
20-ноябрда болгон чечүүчү беттеште Мунарбек Сейитбек уулу Индиянын мушкери менен кармашып, атаандашына утулуп, Дүйнө кубогунун күмүш медалын багынтты.
60 кг салмактагы жыйынтыктар:
1/4 финал
Мунарбек Сейитбек уулу — Павел Брач (Польша) — 5:0
(29:27, 30:26, 29:27, 30:26, 30:26)
Жарым финал
Уильямс Хьюитт (Англия) — Мунарбек Сейитбек уулу — 2:3
Финал
Сачин Сивач (Индия) — Мунарбек Сейитбек уулу — 5:0
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



