Президент Бишкек шаарынын тургунунун электр жарыгы өчүрүлүшү тууралуу суроосуна жооп берди
Президент Садыр Жапаров 20-ноябрда Бишкектин түндүк-батыш четинде курула баштаган «Алтай» шаарчасынын башталыш аземине катышкан учурда электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу борбор шаардын бир тургунунун суроосуна жооп берди. Видео Президенттик администрациянын басма сөз кызматы тарабынан жарыяланды.
Иш-чарадан тышкары президент жакын жайгашкан аймактардын жашоочулары менен да сүйлөштү. Бир нече кишинин суроолоруна жооп бергенден кийин, топтун арт жагынан бир эркек кишинин «светти өчүрүп атышат!» деген кыйкырыгы угулду.
Президент аны жанына чакырып, энергетика тармагындагы учурдагы кырдаалды түшүндүрдү.
«Эгер биз акыркы 5 жыл ичинде электр энергиясына байланышкан иштерди жасабаганда, силер азыр XIX кылымдагыдай караңгыда калмаксыңар. Анткени 50- 60-70-жылдары курулган бардык ГЭСтерде – Токтогул, Курпсай жана башкаларда – бир да жолу капиталдык ремонт жүргүзүлгөн эмес. Алар 50 жыл бою тынымсыз иштеп турушкан. Мен бийликке келгенде ГЭСтер абдан начар, авариялык абалда болчу. Анан биз 4 жыл ичинде баарын жаңыладык. Жалаң Токтогул ГЭСинде төрт агрегатты жаңыргандан кийин 240 мегаватт кошумча кубат алабыз. Азыр да жарык бар болсо, ушул иштердин аркасы менен. Курпсайды да жаңыладык, дагы 28 ГЭСти ишке киргиздик.
Эгер мурдагыдай (мурункуларды жамандагым келбейт) эч нерсе кылбай отурганымда, анда балким азыр жетишип жаткандай көрүнмөк. Анткени мурда завод-фабрика жок кезде кышкы тартышты эптеп жапчубуз, жайында болсо “катаал” берип койчу. Эгер мен да завод-фабрика, мектеп, бала бакча, курулуштарды курбай отурсам, анда мен да мурдагыдай жыргап олтурмакмын.
Мурда калкка жылына 14 млрд кВт/саат керек болсо, азыр керектөө 20 млрдга жетти — 6 млрдга көбөйдү. Биз жетише албай жатабыз. Бул боюнча элге толук түшүндүрүп келдим. 2028-жылы биз бул кризистен чыгабыз, себеби 100гө жакын курулуп жаткан ГЭС бүтүп калат; күн, шамал станцияларын да куруп жатабыз.
Быйыл 15-декабрда, буюрса, Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Балыкчыда 120 мегаватттык күн электр станциясын ачабыз. Кара-Кечеде да Бишкектеги ТЭЦке окшош 1200 мегаватттык жылуулук электр станциясын куруп жатабыз. 2028-жылы курулушу бүткөндө, анда силердин жарыгыңар такыр өчпөйт. 2028–2029-жылкы кыштан баштап чектөөсүз электр энергиясын беребиз, импортко муктаж болбойбуз.
Азыр биз Казакстандан, Өзбекстандан, Орусиядан, Түркмөнстандан 1 кВт/саатты 3 сомдон жогору баада импорттоп жатабыз, элге болсо 1 сом 37 тыйындан берип жатабыз. Эл 3 сом 50 тыйындан төлөй албайт, туурабы? Айырманы мамлекет субсидиялап келет. Бул айырма 30 жыл бою топтолуп-топтолуп, 2020-жылы мен келгенде “НЭСК” компаниясынын мойнуна 137 млрд сом карыз болуп илинген. Азыр ошол карызды жаптык, 25 млрд сом гана калды. Келерки жылы “НЭСКтин” бир тыйын карызы калбайт, 2027-жылдан тартып тескерисинче пайда көрө баштайт.
Түшүндүңөрбү? 30 жыл чыдадыңар, дагы 1–2 жыл чыдагыла. Биз кол куушуруп отурбайбыз. Жарык – мамлекеттин жүрөгү, элдин өмүрү. Завод-фабрикалар иштеши, экономика өнүгүшү үчүн энергия керек.
Камбар-Ата-1 башталды, 7–8 жылда бүтөт, буюрса. 1,5 млрд доллар алдык, дагы 1,5–2 млрд керек, аны да табабыз. Бирок бул өзүн-өзү актайт. Кээ бирлери “сырткы карыз эки эсе көбөйдү” деп кыйкырып жатышат. Койсун, 10 эсе көбөйсө да мейли, бирок бул акчалар өз долбоорлоруна жумшалат. 10–15 жылдан кийин ар бир долбоор өзүн-өзү төлөйт. Азыр болсо биз баарыбыз мурун алынган 5 млрд доллар карызды төлөп жатабыз, бирок ал акчалар кайда кеткенин эч ким билбейт — энергетикагабы, курулушкабы же жөн эле жок болуп кеткенби…
20–30 жылдан кийин биздин балдар мындай төлөбөйт. Ар бир долбоор өзүн өзү актайт — темир жол да (Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан), Камбар-Ата да.
Жаңы таштанды заводун көрдүңөр го? Ал да декабрда, 10–15инде ишке кирет. 30 жыл бою полигондо таштанды өрттөлүп, силер түтүндү жутуп келдиңер. Азыр тескерисинче заводго таштанды жетпей жатат. Анын кубаттуулугу суткасына 1200 тонна, Бишкекте болсо 800 тонна гана чогулат. Завод таштандын баарын өрттөп эле койбостон, 30 мегаватт электр энергиясын да өндүрөт. 1-декабрдан тартып бизге энергия бере баштайт.
Ошондуктан провокаторлорго алданбагыла. 30-ноябрда шайлоо болот. Ал тынч өтөт. Биз эч ким үчүн чуркабайбыз, жасалма шайлоо өткөрбөйбүз, таза өткөрөбүз. Айрым күчтөр болсо “Кытай басып алып жатат” деп жатышат. Алар басып алган жок, тескерисинче завод, жол, темир жол куруп жатат — бул бизге суу менен абадай керек нерселер.
Биз 30 жыл тупик абалда жашадык. Эми эмне, өмүр бою үңкүрдө жашагандай жашай беребизби? Темир жол керек. 2030-жылы курулуш бүткөндө дүйнөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз ачылат. Кытай — экономикалык океан, калган дүйнө — дагы бир океан. Биз ушул эки океандын ортосунда турабыз. Аларды бириктирген жолду куруу менен 2030-жылдан тартып дүйнөлүк экономикага таасир эте баштайбыз, транзиттик рычагдарыбыз пайда болот. Бул нерсени туура түшүнүү керек, балдарга, жаштарга түшүндүргүлө», — деди президент.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



