"Ак шумкарлар" бир дагы оюн өткөрбөй туруп ФИФАнын рейтингинде эки тепкич өйдө көтөрүлдү
Кыргызстандын улуттук футбол командасы ФИФА рейтингинде 104-орунда турат.
Дүйнө чемпионатынын тандоо этаптары жана жолдоштук беттештерден кийин түзүлгөн жаңыланган рейтинг 19-ноябрда жарыяланды.
Кыргызстан курамасы бул отчеттук мезгилде оюн өткөргөн эмес. Бирок Армениянын көрсөткүчү төмөндөп кеткендиктен бир тепкичке жогорулады. Армения Венгрияга (0:1) жана Португалияга (1:9) утулуп калган.
Акыркы эки айда да Кыргызстандын командасы оюн өткөргөн жок, бирок ошого карабастан рейтингде дагы 2 баскыч көтөрүлө алды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




