Ташиев Бишкектеги Жал ооруканасына 10 кызматтык автоунаа тапшырып, ооруканын абалы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 21-ноябрда Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборуна (НЦОМиД) барып, медициналык кызматкерлерге буга чейин убада кылынган 10 кызматтык унааны тапшырды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, «Чанган ЮНИ-Т» үлгүсүндөгү бул унаалар кызматкерлердин чакырууларга ыкчам жетүүсүнө жана мекеменин үзгүлтүксүз иштешине шарт түзөт.

Ташиев ошондой эле 1995-жылдан бери алгач ирет толугу менен оңдолуп чыккан борбордун аймагын көрүп чыкты. Жалпы 4 400 м² аянт толугу менен жаңыланды: аймак тазаланып, тегизделди, жаңы асфальт төшөлдү, жарыктандыруу орнотулду жана көрктөндүрүү иштери аткарылды. Жаңыланган аймакта кызматкерлер менен бейтаптар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

«Аймакты реконструкциялоо — Ташиевдин демилгеси менен ишке ашырылган жалгыз долбоор эмес. Мурда анын тапшырмасы менен борбордун аймагын Тыналиев көчөсү менен туташтырган жаңы жол да курулган. Бул мекемеге жетүүнү кыйла жеңилдетти. Ошондой эле борбор республикада аналогу жок заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган: эндоскопиялык ультраүн аппараты, бир нече жаңы УЗИ аппараты, видеогастроскоп, видеобронхоскоп жана видеоколоноскоп», — деп белгилешти УКМКдан.

Ташиев Жал ооруканасынын жамаатын жаңы кызматтык унаалар менен куттуктанып, кызматкерлерге ийгиликтүү иштөөсүн жана мындан аркы кесиптик жетишкендиктерди каалады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз