UFC: Мыктыбек Оролбай уулу кайрадан $50000 бонус албай калды

Кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу UFCдеги төртүнчү жеңишине жетишти.

23-ноябрга караган түнү Дохада UFC Qatar турнири өтүп, анда кыргызстандык спортчу Швециянын өкүлү Жек Херманссон менен беттешти.

Оролбай уулу биринчи раундда каршылашын так сокку менен нокаутка учуратты.

Бирок турнир жыйынтыгында кыргызстандык спортчу 50 миң долларлык бонус алган спортчулардын тизмесине кирген жок.

«Кечки мыкты аткаруу» наамы үчүн 50 миң доллардан Армян Царукян, Валдо Кортес-Акоста, Киожи Хоригучи жана Люк Райли алышты.

Мурдагы беттешинде да Оролбай уулу атаандашын биринчи раундда уткан, бирок дагы эле бонус алган эмес. Ошондо UFC президенти кыргызстандык спортчу салмакты туура түшө албай калганын белгилеген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз