Ош шаардык кеңеши 2 муниципалдык бакчаны мамлекеттин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берди
Бүгүн, 25-ноябрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы башталды. Ага вице-мэр Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин төрагасы, 41 депутат катышты.
Күн тартибине 4 маселе коюлган. Алар:
1. Мамлекеттик менчиктеги айрым мүлктөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө.
2. Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы №71“Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
3. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
4. Ош шаарында көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоонун орточо наркын эсептөөдө кошумча кызматтардын наркын бекитүү жөнүндө.
Анда күн тартибиндеги 2-маселе каралып, муниципалдык менчиктеги жерлерди мамлекеттик менчикке өткөрүү боюнча маселе талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Казыбай уулу маалымат берди. Казыбай уулунун маалыматына караганда, муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өтө турган объекттердин катарында Кең-Сай конушунда жайгашкан подстанциянын 80 сотых жеринин 25 сотых жерин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү (Ош шаардык кеңешинин 10-сентябрдагы сессиясында подстанция жайгашкан 80 сотых жери Ош электр тармактары ишкнасына өткөрүлүп берилген. Эми ошол 80 сотых жердин 55 сотыхын кайра мэрия алмай болду) маселеси да бар.
Күн тартибиндеги 3 маселе боюнча муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өтө турган объекттердин тизмеси:
- Курманжан датка көчөсүнүн №3 дарегиндеги (Ош шаардык мэриясынын мурдагы Ош шаардык спорттук жана медициналык калыбына келтирүү борборунан имараты жери менен ) жалпы 354 чарчы метр жери;
- Кең-Сай конушундагы 28000 чарчы метр жерди Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү (МИКтин үйлөрү курулат);
- Президенттин Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 500 млн сомго алынган 119 бирдик техниканын бирин - экскаваторду Сулайман-Тоо РЭТке өткөрүп берүү;
- Р. Моминов көчөсүнүн №152 дарегинде жайгашкан "Акылман" балдар бакчасынын имаратынын 3292 чарчы метр жери менен УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгына(алардын кызматкерлеринин балдары тарбияланат. Бакча республиклык бюджеттен каржыланат) өткөрүп берүүгө макулдук берүү;
- Курманжан датка көчөсүнүн №155 дарегинде жайгашкан №22 «Ак-Жолтой» бакчасынын 3800 чарчы метр жерин имараты менен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү (бакча ИИМ тарабынан каржыланып, Ош ШИИБдин кызматкерлеринин балдары тарбияланат).
Натыйжада бул маселелер депутаттар тарабынан колдоо тапты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



