Ош: депутаттар көрүстөндөрдө жерди брондоо маселесин колдогон жок
"Ош шаарында көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоонун орточо наркын эсептөөдө кошумча кызматтардын наркын бекитүү жөнүндө" токтом долбоору Ош шаардык кеңеши тарабынан артка кайтарылды, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Аталган маселе кечээ, 25-ноябрь күнү Ош шаардык кеңешинин XVII сессиясынын күн тартибине 4-маселе болуп коюлган.
Анда депутаттар көрүстөндөрдү брондоонун суммасы өтө кымбат болуп калганын, анан калса көрүстөндү брондоо жергиликтүү менталитетке туура келбестигин белгилешип, токтом долбоорун артка кайтарып, коомдук талкууга коюлмай болду.
Токтом долбоорун колдогондордун бири - "Милдет" фракциясынан депутат Медер Абдыманапов Turmush басылмасына билдиргендей, Министрлер кабинетинин токтомун жергиликтүү бийлик милдеттүү түрдө аткарышы керектигин айтып, буларга токтолду.
"Биринчиден, Минкабдын токтому кабыл алынган. Жергиликтүү бийлик өкмөттүн токтомун милдеттүү түрдө аткарат. Эгер бул мэриянын токтому болгондо коомдук талкууга койсок болот эле. Көп депутаттар тарифин арзандатыш керек деп айтышты. Анда базар болуп кетпейби. Бирөө чалып алып, дагы арзандатыш керек десе эмне болот. Муну керек болсо кымбаттатыш керек. Ошондо пулу барлар гана брондой алат.
Биринчиден, көрүстөнгө адамдын сөөгүн коюу акысыз, эгер "жубайымды жаныма коюшсун" десе анда жанагы токтом долбоорунда айтылган тарифке ылайык сатып алсын деп жатам", - деди Абдыманапов.
Токтом долбоорунун маңызы жана Министрлер кабинетинин токтому
Ушул жылдын 19-августунда Министрлер кабинетин №502 токтому чыккан. Ага ылайык, кайсыл бир жаран көрүстөнү жубайынын же жолдошунун жанында болуусун кааласа 10 жылга 100 миң сом төлөп брондоош керек.
Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынгандан 15 күндөн кийин күчүнө кирген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тескемелерин бул токтом долбоорунда көрсөтүлгөн тиркемеге дал келтириши керек.
Министрлер кабинетинин токтом долбооруна ылайык, тарифтер төмөнкүдөй көрөтүлгөн:
"Көмүү жайларын брондоонун наркы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
БН = ЭК + К, мында: БН – брондоонун наркы, ЭК – административдик-аймактык бөлүүнүн градациясы боюнча аныкталуучу эсептик көрсөткүч (республикалык маанидеги шаарлар үчүн – 1000 (бир миң), облустук маанидеги шаарлар – 750 (жети жүз элүү) жана райондук маанидеги шаарлар жана айылдар – 500 (беш жүз). К – маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтар түзүлгөн жана иштеген жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүчү кошумча кызматтардын коэффициенти. Кошумча кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкүлөр кирет:
– көрктөндүрүү (жолдор, тосмолор, жарыктандыруу);
– жашылдандыруу жана бак-дарактарга кам көрүү;
– суу менен камсыздоо (сугаруу, техникалык муктаждыктар);
– дааратканалар болгон учурда турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б.".
Тиркемеге ылайык, республикалык маанидеги шаарлар (Ош, Бишкек) үчүн 100 миң сом. Облустук маанидеги шаарлар үчүн 75 миң сом, райондук маанидеги шаарлар үчүн 50 миң сом деп эсептелген.
Демек, Ош шаары республикалык маанидеги шаар болгону үчүн тарифтин баасы 100 миң сомду түзөт.
Деген менен Ош шаардык жарандарды тейлөө бюросу бул тарифти көбөйтүп, аталган башкармалыктын кызматтарын кошуп, тарифтин наркын 293 миң сом деп белгилеп, токтом долбоорун Ош шаардык кеңешине алып чыккан.
Аталган бюронун башчысы Барчын Таныров Turmush басылмасына кабарлагандай, 193 миң сом ал башкарган бюронун кызматкерлеринин брондолгон көрүстөндү тейлөөнүн 10 жылдык кызмат акысы болуп саналат.
"Минкабдын токтомуна ылайык, көрүстөндү брондоонун мөөнөтү 10 жылдын кем эмес деп көрсөтүлгөн. Брондоонун наркы 100 миң сом. Биз кошумча кызматтарды кошуп, тарифти 293 миң сом деп бекиттик. Анын ичинде ошол көрүстөндү тазалоо, чөбүн оруу, тосуу сыяктуу кызматтар кирет.
Токтомго ылайык, жаран көрүстөндү брондоп, 100 миң төлөгөндөн кийин гана тараптардын келишими күчүнө кирет. Эгер 10 жылдын ичинде кайра 10 жылга узартуудан баш тартса, акчасы кайтарылбайт. Эгер көрүстөн жаратылыштын табигый кырсыгынан улам бузулуп, же сел келип, бузула турган болсо, жарандын акчасы кайтарылып берилет", - деди ал.
Ал ошондой эле буга чейин Ош шаарында көрүстөндү брондоо системасы жок болгонун, жарандарга көрүстөн акысыз берилип келгенин кошумчалады.
Токтом долбоору эмне үчүн колдоо тапкан жок?
Бирок, мэрия алып чыккан бул токтом долбоору депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетовдун айтымында, токтом долбоору коомдук талкууга чыкмай болуп, колдоодон баш тартылды.
"Жарандарды тейлөө бюросунун 193 сом тарифи кайрадан талкууланмай болду. Анткени , бул маселени кайра коомдук угууга кайтарылды", - деди Баетов.
Токтом долбооруна каршы болгондордун бири - "Мурас" фракциясынан депутат Кутманалы Абдырахман уулу Жарандарды тейлөө бюросунун кошумча тарифи боюнча маселе жаралганын айтты.
"Биринчиден, 100 миң деп өкмөт бекитип бериптир. Кошумча 193 миң тарифти Жарандарды тейлөө бюросу үчүн бекитип беришибиз керек болду. 193 миң эмне үчүн деп сурасак, "көрүстөнгө кам көрүү үчүн" дешти. Экинчиден, ошол нерсе бизге жаккан жок. Анча акча кетпейт. Анан алар эмне кылып көрүстөндөргө кам көрүшмөк эле? Үчүнчүдөн, бул биздин менталитетибизге туура келбейт деп жатабыз. Төртүнчүдөн, бул чечим коомчулукка жакпайт. Бешинчиден, бул коомдук маанидеги маселе болгону үчүн процедуралык бузуу болду. Бул токтом долбоору коомдук талкууга чыкпай туруп эле Ош шаардык кеңешине чыгып калыптыр. Ушул жүйөлөрдү эске алуу менен коомдук талкууга калтырдык", - деди ал.
Жарандарды тейлөө бюросу Ош шаарындагы көрүстөндөргө жооп берген мекеме. Аймактык территориялык реформага чейин бул бюро 13 көрүстөндү тейлеп келген. АТРден кийин, Ош шаарынын аймагы эки эсеп кеңейип, бюро тейлеген көрүстөндөрдүн саны 13төн 50гө жеткен. Аталган бюронунун маалыматына караганда, 50 бюронун 15и толгон.
Аталган бюро Ош мэриясы тарабынан каржыланат. Ага шаардык бюджеттен жылына 14 млн сомдон ашык акча бөлүнөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



