Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин кызы менен тууганы добуш сатып алууга шектелип, издөө жарыяланды

Бишкек ШИИББинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери белгилүү бир кандидаттын кызыкчылыгы үчүн добуш берүүнү сурануу менен шайлоочуларга акчалай сыйлык сунуштап жүргөн адамдардын тобун аныкташты. Бул тууралуу 26-ноябрда шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жогорку Кеңештин депутатына талапкер А.Л.дин жакын туугандары добуш сатып алуу менен алектенгенин иликтөө аныктады. Тергөөнүн версиясы боюнча, бул анын кызы И.С.М. (1988-жылы туулган) жана жээни Т.Ш.К. (1998-жылы туулган).
 
ШИИББдин маалыматына караганда, Л.А.нын шайлоо штабында добуш сатып алуу үчүн 360 миң сом берилген. Андан кийин шектүүлөр шайлоочуларды сатып алуу схемасын уюштурууга байланыштуу көрсөтмөлөрдү жана тапшырмаларды берип турушкан. Өз кезегинде алар шайлоочулардын тизмелерин алып турушкан.
 
26-ноябрь күнү шектүүлөргө КЖКнын 196-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык («Шайлоочулардын добушун сатып алуу, ошондой эле бул ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине же жергиликтүү кеңешке талапкер, башка мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер же анын жубайы, жакын туугандары тарабынан жасоо») айып тагылып, сырттан кармоо чарасы катары СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыгарылды. Аларга издөө жарыяланды.
 
Тергөө уланууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз