Мыктыбек Оролбай уулу UFC менен кантип келишим түзүп калганын айтты

Кыргызстандык спортчу Мыктыбек Оролбай уулу UFCдеги төртүнчү жеңишине жетти.

23-ноябрга караган түнү Доха шаарында ал Жек Херманссон менен беттешип, биринчи раундда нокаут менен утту.

Беттештен кийин ал UFCнин расмий каналына дүйнөлүк эң мыкты лига менен контракты кантип түзгөнүн айтып берди.

«Жеңиштен кийин мен эс албайм. Эртеси эле күнү кайра машыккым келип турат, анткени дисциплина керек. Эгер көпкө чейин эс алсам, анда формам мурдагыдай болбой калат. Эгер жаракатым болбосо, дароо эле беттештен кийин машыгууларды улантам.

LFAдагы беттештен кийин, анда мен атаандашты нокаутка учураткам, мага кыска мөөнөттө дайындала турган беттештү сунушташты. Мен макул болдум жана ага 100% даяр болчумун», — деди Оролбай уулу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз