Путин Россия менен Казакстандын чек арасындагы миңдеген жүк ташуучу автоунаалардын узун кезегинин себебин түшүндүрдү

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы сапары учурунда Орусия–Казакстан чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын узун кезеги боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Кремлдин сайтында айтылды.

Путиндин айтымында, маселе анын тапшырмасы негизинде ЕАЭБ чечимдерине ылайык Орусиянын бажы кызматтары жолдордо фураларды тандап-текшерүүнү күчөткөндөн кийин келип чыккан.

«Белгилүү болгондой, жүк ташуучу унаалардын, башкача айтканда фуралардын олуттуу бөлүгү Орусия–Казакстан чек арасын таптакыр документсиз кесип өтүп жүргөн экен», — деди Путин.

Ал ар бир фурада мамлекеттер ортосунда макулдашылган толук документтердин болушу милдеттүү экенин баса белгиледи.

«Фурада эмне бара жатканы так жазылган документ болушу керек. Мындан тышкары, товар кайсы алуучуга багытталып жатканы көрсөтүлүүгө тийиш. Алгачкы документтен эле товардын бажы наркы, бажы төлөмүн ким төлөөрү жана товар алынган кезде ким НДС төлөшү керектиги түшүнүктүү болот. Жолдордо текшерүү башталганда көпчүлүк унааларда документ такыр жок экени аныкталды. Бул — "кара импорт". Айтканга туура келип жатат, товар биздин бажы аймагына жөн эле агылып кирип жаткан экен. Орусиянын бюджети миллиарддаган, тактап айтсам ондогон миллиард рублден кур калып жатат», — деди президент.

Путин бул маселени Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен талкуулаганын да белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн бажы кызматы товарлардын баасы жана алуучулары боюнча маалыматты көрсөтүү тартибин макулдашкан.

«Биз чек арада, Казакстандын аймагында топтолуп турган фуралардын Орусияга өтүшүн тездетүү боюнча бирге чара көрөбүз деп макулдаштык. Бажы органдары товарлардын баасын жана акыркы алуучуну көрсөтүү боюнча бирдиктүү тартипке келди. Унааларды акырындап өткөрө баштайбыз. Кезек жоголот», — деп ишендирди Путин.

Анын белгилешинче, Орусия–Казакстан чек арасындагы фуралардын тыгыны 2025-жылдын аягына чейин толук чечилет.

Сентябрдан бери эки өлкө ортосунда фуралардын чоң кезеги пайда болгон. «Серый импортту» азайтуу максатында Орусия жүк ташуучу унааларды кылдат текшерип, декларацияларды терең анализдей баштаган. 24-октябрдагы президенттик жарлыктын негизинде өлкө аймагында импорт ташыган фураларды кошумча кароо пункттары уюштурулууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз