БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын өзөктүк объектилерине урулган соккулар боюнча шашылыш жыйынга чогулду
Жекшемби күнү Ирандын өтүнүчү менен БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирандагы акыркы өзөктүк объектилерге болгон чабуулдарга байланыштуу шашылыш жыйынга чогулду, деп жазат "CentralAsia".
Жыйын учурунда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Америка Кошмо Штаттарынын Ирандын өзөктүк объектилерин бомбалоосу бул аймак үчүн "кооптуу бурулуш" экенин белгиледи.
"Дүйнө бул кооптуу жаңжалдын кесепетинен кутулуп кете албайт", – деп кошумчалады башкы катчынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча.
Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы ар кандай аскердик чыңалууну кайрадан айыптап, "каршылаш соккуларга алып келүүчү айлампага түшүп кетүү коркунучу" тууралуу эскертти. "Муну болтурбоо үчүн дипломатия үстөмдүк кылышы керек", – деди башкы катчы.
Енча Иран парламенти Ормуз кысыгын жабуу боюнча чараларды бир добуштан колдогонун, бул дүйнөлүк энергия ресурстарынын эң маанилүү деңиз жолдорунун бири экенин белгиледи. Бул маселе боюнча акыркы чечимди Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңеши кабыл алат.
"Деңизде сүзүү эркиндиги боюнча бардык мамлекеттердин эл аралык укуктагы укуктары жана милдеттери бар экенин эскерте кетем", – деди Енча.
"Деңизде коопсуз сүзүү камсыз болушу керек", – деп баса белгиледи Гутерриш.
Гутерриш согуштук аракеттерди дароо токтотууга жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырды. Ал Иран Ядролук куралды жайылтпоо келишимин сакташы керек экенин, БУУнун бардык мүчө-мамлекеттери Уставка жана эл аралык гуманитардык укукка ылайык өз милдеттерин аткарышы керек экенин билдирди.
"Бизге ишеним жараткан, ар тараптуу жана текшерүүгө мүмкүн болгон чечим керек – МАГАТЭ инспекторлоруна толук жеткиликтүүлүк менен ишенимди калыбына келтире турган чечим", – деди баш катчы.
"Биз катаал тандоонун алдында турабыз. Бир жол кеңири согушка алып барат... экинчиси – деэскалацияга, дипломатияга жана диалогго. Кайсы жол туура экенин биз билебиз", – деп жыйынтыктады ал.
МАГАТЭнин башчысы Ирандын башкы өзөктүк объектисиндеги кырдаал тууралуу айтты
МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Мариано Гросси Коопсуздук Кеңешинде видеобайланыш аркылуу сүйлөп жатып, уран байытуучу башкы объект – Фордо кыштагынын жанындагы “Фордо” объектисинде кратерлер байкалганын билдирди. Бул АКШ тарабынан өтө терең кирүүчү бомба колдонулганын көрсөтөт деди ал.
"Азыркы тапта, анын ичинде МАГАТЭ дагы, “Фордо” объектисинде жер астындагы зыяндын деңгээлин баалай албайт", – деди Гросси.
"МАГАТЭ инспекторлору Иранда, жана алар өз иштерин аткарышы керек. Бул үчүн согуштук аракеттер токтоп, Иран объектилерге топторду коопсуздук шарттарын сактоо менен киргизе алышы зарыл", – деп кошумчалады ал.
МАГАТЭ башчысы өзөктүк объектилерге болгон чабуулдардын радиоактивдик заттардын чыгышына жана Иран ичинде гана эмес, башка өлкөлөрдө да чоң кесепеттерге алып келерин эскертти.
"Келгиле, жайылбоо режиминин ийгиликсиздикке учурашына жол бербейли. Ар кимдин жеке позициясынан жана көз карашынан көз карандысыз, бир гана жөнөкөй чындык бар: эгер дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө ядролук курал көбөйсө, биз коопсуз болбойбуз", – деди Гросси.
Улуу Британия: Иран МАГАТЭ менен кызматташышы керек
Улуу Британиянын тышкы иштер министри бүгүн Ирандык кесиптеши жана Германия, Франция өкүлдөрү менен жолугуп, Иранды дипломатияга кайтууга чакырды, деди Улуу Британиянын туруктуу өкүлү Барбара Вудворд.
"Биздин премьер-министр ачык айтты: Иран сабырдуулук көрсөтүшү керек, бардык тараптар сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келип, бул кризисти токтотуучу дипломатиялык чечим табышы зарыл. Мындай келишим бардык тараптардын кызыкчылыгына туура келет", – деди Вудворд.
Ал Иранды МАГАТЭ менен толук кызматташууга чакырды: "МАГАТЭ жана Ядролук куралды жайылтпоо келишими – эл аралык коопсуздуктун негизги түркүктөрү", – деди ал.
Франция Иранды жооп кайтаруудан баш тартууга чакырды
Франциянын өкүлү бардык тараптарды жогорку деңгээлдеги сабырдуулук көрсөтүүгө жана чыңалууну күчөтүү тобокелдигинен сактоого чакырды. "Биз айрыкча Иранды ар кандай жооп иретиндеги аракеттерден баш тартууга, өзөктүк чыңалууну токтотууга жана дипломатияны тандап алууга чакырабыз", – деди ал.
Ал Франция президентинин бүгүн Иран президенти менен сүйлөшкөнүн да билдирди.
Франция өкүлү Ирандын өзөктүк куралга ээ болушу мүмкүн эместигин белгилеп, мындай жагдай Израил жана аймак үчүн коркунуч жаратаарын, ошондой эле жайылтпоо боюнча эл аралык архитектурага зыян келтире турганын билдирди.
Орусия: “Израил жана АКШ тарабынан агрессиялык аракеттер токтотулушу керек”
Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя:
"Израил менен АКШнын агрессиялык аракеттери дароо токтотулушу керек, бардык тараптар сабырдуулук көрсөтүп, эл аралык дипломатия жана сүйлөшүү процесси кайра жандандырылышы зарыл", – деди.
Ошол эле учурда ал "бир гана чакырыктар жетишсиз" экенин айтып, Коопсуздук Кеңеши Ирандын тынч өзөктүк инфраструктурасына жасалган соккуларга жол берилбесин көрсөтө турган коллективдүү чечим кабыл алышы керек экенин билдирди.
Небензянын айтымында, Орусия, Кытай жана Пакистан жекшемби күнү эртең менен ок атышууну токтотуу жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча дипломатиялык чечим издөө тууралуу резолюция долбоорун таратышты. Ал бардык Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүн бул документти тез арада колдоого чакырды.
АКШ: Биздин операция глобалдык туруксуздуктун булагына каршы багытталган
АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Дороти Ши: "Америкалык аскердик чабуул Иран тараптан жаралган өзөктүк коркунучту жок кылууга багытталган", – деп Иранды "терроризмди колдоочу өлкө" деп атады.
"Бул операция эзелки, бирок барган сайын күчөп бараткан глобалдык туруксуздук булагын жоюуга жана биздин союздаш Израилге жардам көрсөтүүгө багытталган. Бул биздин БУУ Уставына ылайык жамааттык өзүн-өзү коргоо укугубузду ишке ашыруу", – деди Ши.
"АКШ өз жарандарынын жана кызыкчылыктарынын коопсуздугун коргоо үчүн чечкиндүү кадамдарга барууга убакыт келди. [...] Президент Трамп айткандай, Иран тарабынан жасалган кандай гана түз же кыйыр чабуул болбосун – америкалыктарга же базаларга – кыйратуучу жоопко туш болот", – деп кошумчалады ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.