Ташиев: 30 жылда Кумтөр алтын кени 100 млн доллар, а биздин башкаруубуз астындагы 5 жылда 1 млрд доллар пайда алып келди

Кумтөрдүн алтын кени 30 жылда болгону 100 миллион доллар пайда алып келген. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тон районундагы УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдан 2025-жылга чейинки беш жылдын ичинде пайда 1 миллиард доллардан ашкан.

«Бир миллиард доллар. Ойлоп көрүңүздөрчү, 30 жылда — 100 миллион, 5 жылда — 1 миллиард. Мына мамлекетти кандай деңгээлде тоноп келишкен. Алар алтынды өздөрү эле казышкан, өздөрү эсептеп, ай сайын тик учактарга жүктөп алып чыгып кетишкен. Учак менен ташышкан. Ал эми биздин кызматкерлерге “мына ушунча өндүрдүк” деп айтышчу, тигилер болсо ошону жазып коюшчу. Ошону менен бүтөөр эле. Бул — Ысык-Көлдөгү байлыгыбызды ачык эле таламайга уруксат берүү болгон. Анткени алар өз үлүшүн алып, акчаны жеп отурушкан», — деп түшүндүрдү ал.

Ташиев кошумчалагандай, Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин биринчи максат катары: «Биз эң биринчи Кумтөрдү кайтарып алышыбыз керек» деген тапшырма койгон.

«Биз Кумтөрдү бир жылдын ичинде кайтарып алдык. Бизге “кайтара албайсыңар, бул жомок, бул мыйзам бузуу, туура эмес, аларга тийүүгө болбойт, инвесторлор” дегендер канча болду. Канча адамдар бизди айыптап чыгышты. Бирок мына, беш жылда пайда 1 миллиард доллардан ашты. Бизге чейинки 30 жылда болгону — 100 миллион. Бүгүнкү күндө салык толук төлөнүп жатат, жана кен 100% мамлекеттин пайдасына иштеп жатат», — деди Ташиев.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз