Украина Новороссийсктеги КТКга кол салуу боюнча Казакстандын нааразылыгына комментарий берди
Украина Каспий түтүк өткөрүү консорциумунун (КТК) инфраструктурасына жасалган соккулар боюнча Казакстандын тынчсыздануусуна расмий жооп берди. Украина ТИМинин билдирүүсүндө украин тараптын бир дагы аракети Казакстанга же башка үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбаганы баса белгиленет.
«Украина Каспий түтүк өткөрүү консорциумунун объектилерине байланыштуу Казакстан Республикасынын тынчсыздануусун эске алды. Белгилеп кетебиз: Украина тарабынан жасалып жаткан эч бир аракет Казакстан Республикасына же башка үчүнчү тараптарга каршы эмес. Украина бардык күч-аракетин Орусиянын толук масштабдуу баскынчылыгын токтотууга жана өзүнүн мыйзамдуу коргонуу укугун ишке ашырууга багыттаган. <…> Дагы бир жолу айтып коёбуз: Кара деңиз аймагынын жана анын чегинен тышкары да коопсуздукту бузуп жаткан жалгыз себеп – Орусиянын агрессиясы», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Киев Казакстан буга чейин Орусиянын Украинадагы тынч калкка, турак үйлөргө, жарандык объектилерге жана энергетикалык системага, анын ичинде украин АЭСтеринин подстанцияларына жасаган соккуларын айыптаган билдирүүлөрдү таратпаганын белгиледи.
«Биз бардык тараптарды агрессорду мүмкүн болушунча тез арада биздин мамлекетке жана элибизге каршы жүргүзүп жаткан кылмыштуу согушун токтотууга мажбурлоо үчүн биргелешкен аракеттерге чакырабыз. Ошондой эле Казакстан элине болгон урматыбызды жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы тарыхый жактан бекем алакага ылайык келчү достук жана прагматикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө берилгендигибизди тастыктайбыз», — деп кошумчалады Украина ТИМИ.
29-ноябрда Астана убактысы боюнча 6:06да Новороссийск порту аймагында Каспий түтүк өткөрүү консорциумунун деңиз объектилерине адам катышпаган сүзүүчү аппараттар менен чабуул жасалган. Натыйжада ВПУ-2 деп аталган тышкы жүк түшүрүү жабдыгы олуттуу зыянга учурады. Мунун айынан Казакстан экспорттук мунай агымдарын альтернативдүү маршруттарга бурууга туура келди.
Бул окуядан кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Новороссийск портуунун акваториясындагы Каспий түтөк өткөрүү консорциумунун маанилүү эл аралык инфраструктурасына жасалган кезектеги чабуул үчүн Украинага расмий түрдө нааразылык нотасын тапшырды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



