Курванбек Авазов УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды
Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Курванбек Авазов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин Авазов УКМК төрагасынын орун басары — мекеменин Антитеррордук борборунун директору кызматын ээлеп келген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



