Уран Сатыбалдиевдин UFCдеги кийинки атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандык мушкер Уран Сатыбалдиев (10-1) UFCдеги үчүнчү беттешине чыгат.

Маалыматка караганда, ал 2026-жылдын 8-февралында өтө турган UFC Vegas 113 турниринде күч сынашат.

Анын атаандашы — АКШ өкүлү Жулиус Уокер (7-1) болот.

Беттеш жарым оор салмак категориясында (93 кг чейин) өтөт.

Сатыбалдиев үчүн бул UFCдеги үчүнчү салгылашуу. Буга чейин ал дебюттук беттешинде словакиялык Мартин Будайга оор салмакта жеңилип калган. Андан кийин жарым оор салмак категориясында казакстандык Дияр Нургожайды жеңген.

Уокер да UFCдеги алгачкы беттешинде Алонзо Менифилдге утулуп калган, бирок андан кийинки кармашында Рафаэль Серкейруну жеңген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз