Бишкекте мамлекеттик сырларды коргоонун актуалдуулугу боюнча конференция болду

 
Академиясынын базасында мамлекеттик сырларды коргоонун актуалдуу маселелерине арналган конференция болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
 
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 27-февралында  УКМКнын генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясынын базасында мамлекеттик сырларды сактоонун актуалдуу маселелерине арналган конференция өткөрүлдү. 
 
"Иш-чарага министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү, маалымат коопсуздугу тармагындагы адистер, жалпысынан 70 адам катышты. Конференцияда «Мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү заманбап чакырыктар жана коркунучтар» деген темада КР УКМКнын генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясынын башчысы генерал-майор К.Н.Бокаев сөз сүйлөдү. Мындан тышкары, катышуучулардын алдында мамлекеттик сырларды коргоонун укуктук аспектилери жана санариптик тобокелдик шарттарында маалыматты коргоо жөнүндө КР УКМКнын кызматкерлери менен  маалыматтык коопсуздук жаатындагы адистер баяндама жасашты",- деп айтылат маалыматта.
 
Ошондой эле, жыйындын алкагында тематикалык тасма көрсөтүлдү. Катышуучулар маалыматты коргоо механизмдерин жакшыртуу боюнча сунуштарды талкуулап,  тажрыйба алмашышты.
 
Конференция дискуссия жана жыйынтыктарды чыгаруу менен аяктады, ошондой эле мындан аркы иштер үчүн сунуштар иштелип чыкты. 
 
Мындай иш-чаралар өлкөнүн маалыматтык коопсуздук системасын өркүндөтүүдө жана заманбап чакырыктардын шарттарында мамлекеттик сырларды ишенимдүү коргоону камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз