Трамп Байдендин учурунда "автоперо" менен кол коюлган бардык документтерди жокко чыгарды
АКШ президенти Дональд Трамп Жо Байден жеке кол койбогон, автоматтык кол коюучу — «автоперо» менен аткарылган бардык документтерди жокко чыгарганын жарыялады, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
«Жо Байдендин администрациясы учурунда “автоперонун” буйругу менен кол коюлган бардык документтер, прокламациялар, аткаруучу буйруктар, меморандумдар же контракттар мындан ары жараксыз жана күчүн жоготту», — деп жазган Трамп Truth Social социалдык тармагында.
Анын айтымында, бул чечимге кечирим берүү же жаза жеңилдетүү тууралуу актылар да кирет. Байдендин администрациясы кээде президенттин колун расмий кагаздарга механикалык түзүлүш менен койгон учурлар болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



