Трамп Путин менен Уиткофф жана Кушнердин Москвадагы жолугушуусун абдан жакшы деп атады
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти менен күйөө баласы Жаред Кушнер жана АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткоффтун Москвадагы жолугушуусу «абдан жакшы өткөнүн» билдирди.
Мурдараак Уиткофф менен Кушнер Путин менен болгон «кеңири жана пайдалуу жолугушуу» тууралуу Трампка жана украиналык аткаминерлерге маалымдашкан. Трамптын айтымында, алар Москванын Украинадагы жаңжалды токтотууга кызыкдар экенине ишенишет.
«Аларда (Уиткофф менен Кушнерде) анын (Путиндин) согуштун бүткөнүн каалары тууралуу ой калган. Менимче, ал кадимки жашоого кайткысы келет», — деп Трамп алардын Путин тууралуу таасирлерин жеткирди.
Ошондой эле Трамптын пикиринде, Путин конфликт жүргүзгөндөн көрө АКШ менен соода кылууну каалайт. «Аларда анын келишим түзгүсү келери боюнча абдан күчтүү ой калды. Эмне болорун көрөбүз», — деди ал.
Уиткофф жана Кушнер 2-декабрда Москвага келишкен. Бул — Уиткоффтун үстүбүздөгү жылдагы Орусияга алтынчы сапары; буга чейинки сапары 6-августта, Анкоридждеги орус-америкалык саммиттин алдында болгон.
Эртеси, 3-декабрда, Кремлде Орусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү болуп, дээрлик беш саатка созулду. Орусия тараптан сүйлөшүүлөргө Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков жана президенттин чет мамлекеттер менен инвестициялык-экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев катышты.
Юрий Ушаков сүйлөшүүнү «абдан пайдалуу, конструктивдүү жана мазмундуу» деп мүнөздөдү. Анын айтымында, жолугушуу Трамптын өкүлдөрү президентке «кутуктары менен жакшы каалоо-тилектерин» жеткирүүдөн башталган. Путин да Трампка «досчул саламдарын» жана «бир катар маанилүү саясий сигналдарды» жолдоп коюуну суранган.
Путин менен Уиткофф жана Кушнер талкуулаган эң маанилүү темалардын катарында Орусия «кризистин чечилишин көрө албай турган» аймактардын маселеси, ошондой эле Москва менен Вашингтондун келечектеги «чоң экономикалык кызматташуусунун мүмкүнчүлүктөрү» болгонун Ушаков билдирди. Территориялык маселеде тараптар орток чечим таба алышкан жок, бирок сүйлөшүүлөрдүн мазмунун ачыкка чыгарбоого макулдашышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



