Президент Садыр Жапаров Исламабаддагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркына барды

Пакистандагы мамлекеттик сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Исламабад шаарындагы Улуттук аэрокосмостук илим жана технологиялар паркында (NASTP) өткөн аскердик көргөзмө менен таанышты. Бул тууралуу 4-декабрда Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

NASTP — авиация, космостук технологиялар, IT жана киберкоопсуздук тармактарындагы изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик мекемелерди, илимий институттарды жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа.

Сапар маалында Садыр Жапаров авиациялык техника, радиолокация жана байланыш системалары, симуляторлор, программалык камсыздоо, жасалма интеллект, кибертехнологиялар жана космостук тармактагы жаңы өнүмдөр коюлган NASTP Alpha экспозициясы менен таанышты.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кытай менен Пакистандын биргелешип иштеп чыккан көп багыттуу JF-17 Thunder истребители тууралуу маалымат алды.

Президентке учактын маневрдүүлүгү, багыттоо жана курал-жарак системалары сыяктуу согуштук мүмкүнчүлүктөрү жана техникалык өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү. Садыр Жапаров учактын пилоттук кабинасына да кирип, анда адистер борттук жабдуулар жана эксплуатациялык өзгөчөлүктөр тууралуу түшүндүрмө беришти.

Мындан сырткары, ага жеңил окуу-үйрөтүүчү PAC MFI-17 Mushshak учагы жана ар кандай аба-ырайы менен кырдаалдарда учуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү тик учактын окуу симулятору көрсөтүлдү. Бул авиация адистерин даярдоодо чоң мааниге ээ экени белгиленди.

Президент Садыр Жапаров көргөзмөдө сунушталган технологиялардын жогорку деңгээлин белгилеп, инновациялар жана жогорку технологиялар тармагындагы кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз