Чамдаңыз! Венгрия кыргызстандыктарга жогорку окуу жайларында акысыз окуу үчүн 200 орун бөлдү

Билим, илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги Кыргызстандын жарандары үчүн 2026–2027-окуу жылдары Венгриянын жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу боюнча конкурстук тандоону жарыялайт.

Эки жактуу жетишилген келишимдерге ылайык, венгрия тарап 200 квота берет, алар даярдоо деңгээлдери боюнча төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн:

Бакалавриат (BA/BSc) жана бир деңгээлдүү магистердик программа (OTM) — 130 орун;

Магистратура (MA/MSc) — 50 орун;

Докторантура (PhD/DLA) — 20 орун.

Конкурсанттар катары 2026-жылдын 31-августуна чейин 18 жашка толгон Кыргызстандын жарандары катыша алышат.

Документтер төмөнкү эки портал аркылуу кабыл алынат:

Венгрия системасы — 2026-жылдын 15-январына чейин, саат 14:00 (CET):
apply.stipendiumhungaricum.hu

Кыргыз системасы — 2026-жылдын 15-январына чейин, саат 18:00 (GMT+6):
student.edu.gov.kg

Бардык арыздар техникалык текшерүүдөн өтөт. Толук эмес документтери бар же жашы жетпеген талапкерлердин арыздары автоматтык түрдө четке кагылат.

Показателдер тең болуп калган учурда, талапкерлердин кошумча жетишкендиктери (академиялык, илимий, социалдык) эске алынышы мүмкүн.

Бакалавриат, магистратура жана бир деңгээлдүү магистратура программаларынын студенттери биринчи окуу жылында “Венгр тили чет тили катары” курсун өтүүгө жана жыйынтык экзамен тапшырууга милдеттүү.

Стипендиаттарга көрсөтүлүүчү колдоолор:

Акысыз окуу:

Окуу акысын толугу менен төлөөдөн бошотулат;

Ай сайынгы стипендия:

Бакалавриат, бир деңгээлдүү магистратура жана магистратура үчүн — 43 700 форинт;

Докторантура үчүн —

Биринчи этап (4 семестр): 140 000 форинт;

Экинчи этап (4 семестр): 180 000 форинт;

Жашоо боюнча жөлөкпул:

Жатаканада акысыз жашоо (болсо) же

Айына 40 000 форинт турак жай ижарасына компенсация;

Медициналык камсыздандыруу:

Венгрия мыйзамдары боюнча медициналык тейлөө;

Жылына 65 000 форинтке чейин кошумча камсыздандыруу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз