"Мен аны сактап калууга аракет кылдым, бирок ал күйөөсүнө кайтып барды. 6 айдан кийин ал аны өлтүрдү," - Жогорку соттун төрагасынын орун басары

Кыргызстан аял-судьялар ассоциациясынын «Аялдар менен кыздардын адилеттикке жетүүсү. Гендердик зомбулуктун алдын алуу» темасына арналган XI жылдык конференциясында Жогорку соттун төрага орун басары Нургүл Бакирова 5-декабрда өзүнүн соттук тажрыйбасындагы бир окуяны эстеди.

Анын айтымында, ал учурда 34 жашта болуп, Ош шаарында иштеп жүргөн:

«Мен 9 балалуу үй-бүлөнүн ажырашуу ишин карап жатканмын. Аял күйөөсүнөн дайыма зомбулук көрүп келген. Аларды жараштыруу мүмкүн эмес болчу — ал аялды куткаруу керек эле. Бул тууралуу мен ага да, анын туугандарына да айткам.

Бирок сот жараяны башталаар алдында ал мага келип, ажырашуу боюнча арызын кайра алды. Күйөөсү менен жашоону улантам деп айтты. Мен аны токтотууга аракет кылдым, бирок ал баары бир арызын кайтарып алды. Жарым жылдан кийин анын күйөөсү аялын өлтүрүп койгону тууралуу уктум», — деп айтып берди Бакирова.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз