Бишкекте интернет аркылуу адамдарды алдаганга шектелген жарандар кармалышты
Кибералдамчылыкка шектелген адамдар кармалды, деп билдирди Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы.
Милицияга бир жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 26-сентябрда Lalafo сайты аркылуу «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү автоунааны сатабыз деген шылтоо менен белгисиз адамдар андан 110 миң сом алып, андан соң байланышка чыкпай калышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүүлөр — К.М. (2000-жылы туулган) жана У.Б. (2001-жылы туулган) кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Райондук милициянын маалыматына караганда, аларды кармоо учурунда шектүүлөрдөн далил катары эки мобилдик телефон, банк карталары жана SIM-карталар табылган. Алар акыркы эки жыл ичинде кибералдамчылык кылып, интернет-платформалар жана онлайн-сервистер аркылуу жарандарды алдап келишкен.
Шектүүлөрдүн аракетинен жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0(702) 00-17-88, 0(702) 60-90-90 же 102.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



