Лимон өстүргөн окумуштуу
Цитрус өсүмдүктөрү биздин аймактарда да өсө баштаганы жаңылык деле болбой калганына көп болгон эмеспи. Ошентсе да ушул темада кеп кылалы деп чечтик.
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну, биология илимдеринин кандидаты Ысабек Аматов өзүнүн тамаркасына жергиликтүү мөмөлүү дарактардан тартып, цитрус өсүмдүктөрүнө чейин эгип келет. Бул нерсе анын илимий ишине байланыштуу болгон экен Анткени Аматов Ноокат районундагы Кара-Кой токой тажырыйба чарбасында 9 жыл жетекчи болуп иштеп, Алай кырка тоосундагы башка жактан алынып келинген бадал дарактарды интродукциялоо же ушул аймакка адаптация кылуу багытында кандитаттык диссертациясын жактаган. Ушунун натыйжасында өз үйүндө лимон эгип көрүп, мөмөсүн жеп жатат.
Убагында аны өстүрүү ыкмасын өздөштүргүчө бир топ түйшүк тартыптыр. Бирок бир канча жактардан маалымат алып, бир топ аймактардан көрүп келип, өстүрүү тажырыйбасына ээ болгон. Натыйжасы жаман болбой, азыр мөмөсүн үй бүлөсү менен жеп, тааныш-тамыр, кошуна-колоңдору менен бөлүшүп турат.
«Жерди бир жарым метрдей казып, күнөскана жасадым. Бир-эки жыл от жагып, жылуулап турдук. Анан бир жылы жагылбай калды. Жазга маал, эми буларды үшүк уруп кетти деп ачсам, жок, үшүк урбаптыр. Ошол ошол болду, анан жылда жылытпай калдык. Күнөскананы полиэтилен кленкалары менен жылуулап жаап коебуз, кышы менен ушинтип, үшүк албай эле жакшы чыгып атат. Ошентип ал жерге өстүрүп жаткан лимонум биздин аба ырайына адаптацияланды, шарташып калды. Азыр өсүп атат,- дейт Аматов.
Жогоруда айткандай, азыр мындай өсүмдүктөрдү өстүргөн практика бизге таң калыштуу болуп же жаңылык деле эмес. Бирок, муну айтканыбыздын себеби, кайсы жерде болбоңуз, күнөскана жасап, ичине мөмө берчү өсүмдүктөрдү эгип, жайы-кышы ширесин татсаңыз деген эле ой. Ысабек агай күнөсканалардын кандай салынышын да айтып берди.
«Чакан эле кылып, мисалы, 4кө же 5ке 10 метр жерди бир жарым метр казып, үстүн чатырча кылып жыгач тартып, аны кленка менен жаап кой. Анан каалаган мөмөлүү өсүмдүктөрдү эк. Болду. Адамдар ушинтип эмгек кылышса эмнеге болбосун. Керек болсо муну тамаркасы бар ар бир адам жасап алса болот. Аны менен иштеп, эмгегинен баар тапса, жемишин жеп үй-бүлөсүн кубантат,- деди Ысабек агай.
Агай демекчи, Ысабек Аматов ОшТУнун Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун Экология жана айлана чөйрөнү коргоо кафедрасынын башчысы болуп эмгектенет. Доцент агайдын тамаркасындагы бир эле лимон эмес, анжир, алма, анар, карагат, жүзүм, бий алма сыяктуу мөмөлүү дарактардын 36 түрү бар. Декаративдик дарактардын түрлөрүнүн өсүп турганы да өзүнчө тема. Ал күнөсканасын питомник кылып да пайдаланат, анда арча менен карагайлардын уругунан өндүрүп чыккан көчөттөрү бир топ саниметрге чейин чоңоюп калган. Муну кесибинен пайда болгон адат десе болот экен, анткени ал ушундай жол менен өсүмдүктөр дүйнөсүнө байкоо жүргүзөт.
Бул макаланы жазуу идеясы Ысабек агайдын үйүнө капысынан барып калып, анын чарбасы менен таанышып, айрыкча өсүп турган лимонун көргөндөн кийин келди. Базардан алган памидордун даамы менен өз үйүңдө, дары кошпой өстүргөн памидордун даамынын айырмасын сөз менен жетирип бере албагандай, үйдө өстүрүлгөн лимон менен базардан алган лимондун даамында да чоң айырма бар экенин билип жүргөн деле оң экен деп койдум.
А.Каракозуев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



