Казарман сапары... (Жол баян)

Үч жарым сааттык жолду он беш саатта басып өткөн адам көп эле болсо керек. Биз да ошенттик. Оштон чыгып Казарманга жол тарттык. Барып келгиче сапарыбыз кызыктуу окуяларга өтө бай болду. Жолду кыскарата калмакчыбыз деп жаңы салынып жаткан түндүк-түштүк альтернативалуу жолдогу тоннелде кармалганыбыз, алар өткөнбөй койгондо Сары-Кыр (Бүркүт) ашуусу менен баратып машинабыздын дөңгөлөгү жарылганы, эптеп алмаштырып андан ары жол алсак, жедеп жааган жамгырдан шагыл түшүп, эки жер тосулуп калганын көрүп, “куралсыз колубуз” менен ачканыбыз, ачаарга аз калганда бир машина менен күрөк келгенин угуп, бульдозор келгендей сүйүнгөнүбүздү айткым келди. Аскасы асман тиреген мөңгүлүү тоого чыгып барып машинабыздын ачкычын жоготконубуз, айла жок зым менен араң ачканыбыз, Казармандан согушка аттанып барып келген Таштемир аттуу ардагердин айткан күлкүлөрүн угуп, жаагыбыз жалдая каткырганыбызды жазгым келди. Эмесе кызыктарга толгон жол сапарды башынан окуңуз.
 
Казарман шаарын Жалал-Абадга бириктирген Сары-Кыр (Бүркүт) ашуусундагы оор жол союз мезгилинде салынып калбаганда, азыркы түшкөн альтернативалуу жолдогу тоннелди эмдигиче күтсөк керек эле. Аныбыз да 10 жылдан бери ачылбай кууратпадыбы. Ошол Казарманга баратканбыз. Батыраак өтүп алалы, суранып көрөлү деп, келсе өткөрө калалы деп бизди эле күтүп тургансып, тоннел тарапка айдадык. Жалал-Абаддын Таран-Базарынан ары 40 чакырымдай бар экен. Барып өтө албай туруп калдык, дагы жакшы телефон тартат экен, бул жактан сүйлөшкөн адамыбыздын аларга тили өтпөдү, ошентип тоннелден биз да өтпөдүк. Кайра тарттык. Адамдарды өткөрүп жатыптыр деп укканбыз. Эгер 4 чакырымдык тоннелден өтүп алсак, андан ары жарым саатта Казарманга кирип бармакпыз. Жок, андай болбоду. Эми биздин алдыбызда дээрлик он сааттан ашык жол жүрүү бактысы турду.
 
Кайтып келип, Таран-Базардан ашууга жөнөдүк. Бул жактагы акыркы айыл Архангельск айылынан чыкканда эле кыбыраган кытайларды көрдүк. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруп жатышат дешти.
 
Ооба, жумуш катуу кетип атыптыр. Айрыкча өтө оор участогу делген Жалал-Абад облусундагы курулуш иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, эмгектин тери төргүлүп жатканына күбө болдук. Учурда курулушка керектүү шаймандар алынып келип, жумушчуларга жатаканалар салынып, электр тогун тартуу сыяктуу толгон иштер жасалып жатыптыр. Бул долбоордун эң оор участогу ушул жерде экен. Анткени деңиз деңгээлинен дээрлик 3 миң метр бийиктиктеги Сары-Кыр ашуусун тешип өтө турган “Казарман” тоннелинин узундугу 13 чакырымдан ашат экен. Баары болуп 57 чакырымдык 30дан ашык тоннель салынат дешти. Дээрлик 35 жылга жакын сүйлөшүүлөрдөн кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын 27-декабрында өлкө башчы Садыр Жапаровдун жана коңшу мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда расмий старт берилгенин окурмандын эсине салып кетейин.
 
Ошентип адыраңдап барып ашууга жөлөндүк. Анын туу чокусуна оюрмалап жүрүп отуруп, бир саатка жакын убакта чыгасың. Суу жеген чуңкурлары менен иттин башындай курч миздүү таштарынан буйтап жүрүп чокуга чыгаарда алдыңкы дөңгөлөктү айрып түштү. Алмаштыргыча ал жерде бир сааттай убактыбыз кетти.
 
 
Иш бүткүчө деп жаратылыштын кооздугуна суктанып, айланага көз чаптырдык. Кыргыздын жеринин кереметин айтпа дегенди ушул жерден көрдүк дейсиз, тим эле көз жоосун алат. Ала-Тоонун ак кар баскан чокулары алыстан караганда адамды өзүнө тартып турат. Аскасы асман тиреген тоолордун улуулугу менен сулууланган, шамалдын сыбызгы үнү коштолгон бул аймакта турсаң жүрөк толкуп, жан дүйнөңүз тынч калат. Табияттын ушундай таза, өзгөчө сулуулугуна күбө болгондо, кыргыз жеринин ар бир ташы, ар бир ашуусу ыйык сезилет экен...
 
Жолубузду андан ары улап, ашууну аштык. Мөңгү ээрий электигиненби, айтор эл жайлоого толук чыга элек экен, бирок мал айдагандарды жолдон көп көрдүк. Ылдайлап баратып, түзгө түшөөрдө концерт башталды. Жол жабык экен. Суу жей берип, агып түшкөн шагыл жолду эки жеринен жаап калыптыр. Эмне кылабыз? Кайра тарталыбы? Анда бензин жетпейт да. Дөңгөлөктүн да бири жарылган. Ачалы десек, күрөк тургай, узунураак темирибиз да жок...
 
Ушинтип отуруп, телефон тарткан жерге чыгып, Казармандагы бизди күт жаткандарга айталы да, бир айласын ошолор менен чогуу чечели деп, кайра ашуу жакка жөнөгөнүбүздө, ылдыйдан чыгып келаткан эки атчанды көрдүк. Анан токтоп, ошолордон бир кабар угалы деп туруп калдык. Жабылган жолго келгенибизде Оштун номуру менен “тико” үлгүсүндөгү бир машина да өтө албай туруп калганын көргөнбүз, тиги келаткан адам ошону ээси экен. Эки аттын бирин өзү, бирин аяш уулуна мингизип, алдыга мал айдап кеткен балдарына машинадагы тамак-аш менен жамынчы-төшөнчүнү таңылчак кылып артып кеткени келатыптыр. Бизге келип, учурашып, ачпайлыды деген сунуш берди. Биздеги 6 адамдын баары көндүк. Ошентип оор-оор таштарды тоголотуп келип тизип, көчкүнү таш менен талкалап бошотуп, кол менен шагыл тартып, иштей баштадык. Биздин машинада казганга эч нерсе жок экен. Тиконун ээси: “атым Кылыч”, – деди. Ал да менде эч нерсе жок деп барып, “аи-и, күлмык бар эмес беле”, – деп алып чыкты. Ошентип күлмык биздин жол салган кебибибиздин негизги куралына айланды...
 
 
Жолду ачаарыбызга аз калганда Казарман жактан “ауди” үлгүсүндөгү машина айдап эки жигит чыгып келип, кыска сап күрөгү бар экенин эстеп, анысын алып келатканда, биз тим эле булдозер келаткандай кубандык.
 
Кылыч аке келгенде өйдө жакта кытайлар жолду ачып келаткан экен. Иш убактысы бүттү кылып, “ачып берип койчу, кичине эле жер экен” дегенине карабай кетип калышканын айтып, аларга кыжыры келип турду. Болбосо ушул эле жерди ачса, ашуунун жолу толук ачылып, каттам жанданмак экен. Бирок биз кытайдын техникасыз, куралсыз колубуз менен эле ачып, аман-эсен өтүп кеттик. Эмнеге кытайлар ачып жатат десе, көрсө темир жолду салганга иштей турган жол ушул экен...
 
Казармандагы сапарыбыз “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркындагы “Экологиялык маданий борбордун” ачылуу аземи менен башталды. Бизди негизи ушуга чакырышкан. Парктын жетекчиси Атайбек Камбаралиев, тикен баскан бул жерге Транспорт министрлиги менен Кытайдын “ЧайнаРоуд” компаниясынын жардамы менен 4,5 чакырым жерден суу тартып келип, анан мынтип маданий борборго айландырууга мамлекеттик каражаттан сырткары, Эл аралык уюмдардын колдоосунун артында пайдаланууга берилип жатканын айтты.
 
“Бул борбор окуучулардан тартып, студенттерге чейин, дегеле жалпы эле жарандарга экологиялык билим берүүнү уюштуруп эле тим болбостон, жергиликтүү эс алуучулардын жаратылышта мыкты эс алуусуна да жагымдуу шарттарды түзүп берет”,-деди Камбаралиев.
 
Андан соң NABU Кыргызстан уюму тарабынан парктын кызматкерлерине фото капкандарды коюу тренинги өттү. Ушунун арты менен Саймалуу-Таштагы Кылдоо участкасынын мөңгү жаткан бийик чокусуна чейин чыгып барып, бир канча жерге фотокапкан койгон иш-чарага катыштык. Жайлоонун кооз табияты көздү кубантып, жан дүйнөгө тынчтык тартуулайт. Атайын айдагандай өскөн көк толкундуу сыя гүл талаалары, жапжашыл өрөөн, ышкын менен боткок жаратылыштын көркүнө көр кошуп, арча менен кайың аралаш өскөн токойлор адыр боорлорун кооздоп турат. Табигый көп түрдүүлүккө бай бул аймак кыргыз элинин байыркы жашоо ыргагынан кабар берип, ар бир гүлү өзүнчө тарых айтып тургандай сезилет...
 
Кайтып келатканда машинанын ачкычы жоголгонун билдик. Ар кимибиз өз жаныбызды карайбыз. Жок. Эч кимибизден чыкпайт. Бул жакка машинаны Эркин деген жигитибиз айдап барган эле, ал жарым жолдон артка кайтты. А биз машинага келдик...
 
(Уландысы бар)
 
Асанбек Каракозуев
“Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз