Зеленский эгер АКШ менен Европа коопсуздукту камсыз кылса, Украинада президенттик шайлоону 60-90 күндүн ичинде өткөрүүгө даяр экенин айтты

Президент Владимир Зеленский президенттик шайлоону өткөрүү учурунда коопсуздукту өнөктөштөрү камсыздай алышса, ал шайлоого катышууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал 9-декабрда журналисттер үчүн уюштурулган онлайн-брифингде айтканын “Украинская правда” басылмасына шилтеме берүү менен "CentralAsia" басылмасы жазды.

Журналисттер Зеленскийден "АКШ Украинага шайлоо боюнча басым жасадыбы жана делегациялар потенциалдуу президенттик шайлоону талкуулаштыбы" деп сурашкан.
 
«Мен бул маселени талкуулаган эмесмин. Украинадагы шайлоо маселеси, менин оюмча, эң оболу биздин элден көз каранды жана бул — башка мамлекеттердин эмес, Украина элинин маселеси. Өнөктөштөрүбүзгө урмат кылуу менен ушуну гана айтам.
 
Чынын айтсам, мен шайлоого даярмын…
 
Шайлоо өткөрүү үчүн эки негизги суроо турат: биринчиси — коопсуздук. Ракета соккулары улантылып жаткан шартта аны кантип уюштурабыз? Аскерлерибиз кантип добуш берет? Экинчиси — шайлоону мыйзамдуу өткөрүү үчүн зарыл болгон укуктук негиз. Эгер бул маселени АКШ президенти көтөрүп жатса, башка өнөктөштөр да кызыгып жатса — өтө кыска жооп берем: карагыла, мен шайлоого даярмын.
 
Мындан да маанилүүсү — мен азыр АКШдан суранам, европалык өнөктөштөрү менен бирге шайлоону өткөрүү үчүн коопсуздукту камсыздоого жардам берсин. Анда кийинки 60–90 күндүн ичинде Украина шайлоо өткөрүүгө даяр болот. Менин саясий эрким жана даярдыгым бар.
 
Фракциябыздын депутаттары, парламентарийлер аскердик абал шартында шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзамдык өзгөртүүлөрдү даярдап беришин суранам. Алар мага бул боюнча сунуштарды даярдасын.
 
Эртең мен Украинада болом. Өнөктөштөрдөн жана депутаттардан сунуштарды күтөм жана шайлоого барууга даярмын», — деди ал.
 
Зеленский ошондой эле «Украинада согуш анын бийликте калуу аракети үчүн уланып жатат» деген божомолдорду «акылга сыйбаган» деп сындады.
 
Украина мыйзамдары боюнча аскердик абал маалында президенттик шайлоону өткөрүүгө тыюу салынат.
 
Аскердик абал 2022-жылдын февралында Орусиянын аскердик аракеттеринин башталышынан кийин киргизилген жана дайыма узартылып келет.
 
Согуш шартында Украинада 2023-жылдын октябрына белгиленген Жогорку Рада шайлоосу, ошондой эле тынч мезгилде 2024-жылдын март айында өтүүгө тийиш болгон президенттик шайлоо да өткөрүлгөн эмес.
 
АКШ президенти Дональд Трамп да Украинада президенттик шайлоо өткөрүүнү бир нече жолу талап кылган. Айрыкча, 9-декабрдагы Politico басылмасына берген маегинде: «Менимче, убактысы келди. Азыр шайлоо өткөрүүгө маанилүү учур. Алар согушту шылтоолоп шайлоо өткөрбөй жатышат. Бирок, менимче, украин элиде тандоо мүмкүнчүлүгү болушу керек», — деген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз