"Барселона" менен "Реалдын" мурдагы оюнчусу эми "Ак шумкарды" машыктырат

Европалык адис Роберт Просинечки футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу келишим бүгүн, 10-декабрда Кыргыз футбол бирлигинде КФБнын Президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда расмий түрдө бекитилди.

Маалыматка караганда, келишим 1 жыл 1 ай мөөнөткө түзүлдү. Эгерде Просинечкинин жетекчилиги астында улуттук курама 2027-жылдагы Азия Кубогунда ийгиликтүү оюн көргөзсө, макулдашуу кошумча 3 жылга узартылат.
 
Камчыбек Ташиев өз сөзүндө жаңы машыктыруучунун келиши менен курамада жаңы дем пайда болорун белгилеп, алдыда чоң максаттар турганын жана сапаттуу өзгөрүүлөр күтүлөрүн айтты.
Просинечки футболчу катары Югославиянын улуттук курамасында 15 оюн өткөрүп, 4 гол киргизген. Ошондой эле, Хорватиянын курама командасы үчүн 49 беттешке түшүп, 10 голдун автору болгон.
 
56 жаштагы Просинечки клубдук деңгээлде да бир катар атактуу командалардын намысын коргогон. Ал Сербиянын «Црвена Звезда» клубунда 117 оюнга чыгып, 24 гол киргизген. Мындан сырткары Испаниянын «Реал Мадрид» (55 оюн, 10 гол), «Реал Овьедо» (30-5), «Барселона» (19-2), «Севилья» (20-4), Бельгиянын «Стандарты» (20-4) жана Англиянын «Портсмут» (33-9) клубдарында ойногон.
Ал профессионалдык оюнчулук карьерасын 2004-жылы Хорватиянын «Загреб» клубунда жыйынтыктаган жана машыктыруучулук жолун Загребдин «Динамо» командасынан баштаган. Ал ошондой эле Хорватиянын, Азербайжандын, Босния жана Герцеговинанын, Түркиянын жана Черногориянын улуттук командаларын, ошондой эле бир катар европалык клубдарды жетектеген. Мындан сырткары, футболчу карьерасында «Реал Мадрид», «Барселона», «Црвена Звезда» клубдарында негизги оюнчу болгон. 1998-жылы Хорватия курамасы менен Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.
 
Жаңы келишим Кыргызстандын улуттук командасынын өнүгүүсүнө жаңы шарттарды түзүп, жогорку деңгээлге чыгарарына ишеним артылууда.
 
Буга чейин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасын “Талант” клубунун башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимов убактылуу жетектепкелген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз