Албанияда өткөн рейтингдик турнирде кыргызстандык спортчулар 5 медаль утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Албаниядагы эл аралык турнирге катышуусун аяктады.

2025-жылдын экинчи рейтингдик турнири 26-февралдан 2-мартка чейин Албаниянын Тирана шаарында өттү.
 
Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 10 комплект медаль ойнотулуп, Кыргызстан курама командасынын 18 балбаны катышты. Алардын ичинен 5 спортчу байгелүү орундарды ээлеп, медаль утуп алышты.
 
Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) өз салмак категорияларында алтын медаль утуп, турнирдин жеңүүчүлөрү болушту.
 
Доолотбек Чойбеков (63 кг) финалга чейин жетип, атаандашына утулуп, күмүш медаль алды.
 
Баяман Апилов (63 кг) жана Ырыскелди Хамзаев (72 кг) коло медалга ээ болушту.
 
Дагы үч кыргызстандык балбан коло медаль үчүн күрөшүп, бирок атаандаштарына утулуп, 5-орунду ээлешти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз