Айпери Медетбек кызы Казакстандагы мелдеште жеңишке жетти
Айпери Медет кызы спорттук күрөш боюнча Professional Wrestling League турниринде жеңишке жетти.
Сегизинчи ирет өтүп жаткан PWL турнири 25-февралдан баштап Казакстандын Алматы шаарында өтүүдө.
Турнирди эркин күрөш боюнча аялдар арасындагы 76 кг салмактагы беттеш ачты. Бул кармашта Айпери Медет кызы казакстандык Жамиля Бакбергенова менен күрөштү.
Биринчи бөлүктө кыргызстандык балбан атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн 1 упай алды, бирок андан соң калыстар дал ушундай жагдай үчүн Бакбергеновага да 1 упай беришти – эсеп 1:1 болду.
Оюн бүтөрүнө бир мүнөт калганда Медет кызы атаандашын төрт упайлык ыкма менен көтөрүп ыргытып, жеңишти илип кетти.
Айпери Медет кызы менен Жамиля Бакбергенова буга чейин 2023-жылкы Азия оюндарында финалда күрөшүп, анда кыргызстандык спортчу 7:4 эсеби менен жеңип, алтын медаль уткан.
PWL 8 турниринде Акжол Махмудов да күч сынашат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.