АКШ Венесуэланын жээгинен ири танкерди кармады

АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэла жээгинде «абдан чоң» мунай танкери кармалганын жар салды. Анын айтымында, танкерди кармоого «өтө олуттуу себептер» болгон, бирок ал себептер тууралуу кенен маалыматты кийинчерээк берерин айтты. Бул тууралуу BBCге шилтеме берүү менен "CentralAsia" басылмасы жазды.

Трамп журналисттерге Ак үйдө сүйлөп жатып мындай деди:

«Жаңылыктар жагынан бүгүн кызыктуу күн болду. Билсеңиздер керек, биз Венесуэланын жээгинен чоң танкерди, абдан чоң, тарыхта кармалган эң ири танкерди кармадык. Дагы башка окуялар да болуп жатат, алар тууралуу кийинчерээк көрөсүздөр жана башка адамдар менен талкуулайсыздар».

Ал кошумчалагандай, танкер «өтө олуттуу себеп менен» кармалганын, бирок майда-чүйдөсүнө токтолбой турганын билдирди. Ошондой эле жакын арада операциянын сүрөттөрү жарыяланарын убада кылды.

Трамптын билдирүүсүнөн көп өтпөй АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди кошумча маалымат жарыялады. Ал соцтармактагы билдирүүсүндө танкер «бир нече жылдан бери санкцияларда турганын», анткени ал «чет өлкөлүк террордук уюмдарды каржылаган мыйзамсыз мунай ташуу схемасына катышканын» айтты.

Бондинин маалыматына ылайык, ФБР, Ички коопсуздук министрлиги жана АКШнын Жээк сакчылары Коргоо министрлигинин колдоосу менен Венесуэла жана Ирандан санкцияланган мунай ташуу үчүн колдонулган танкерге карата чыгарылган ордерди аткарышкан.

Ал операция Венесуэла жээгинде «коопсуз жана ийгиликтүү» өткөнүн, ал эми санкцияланган мунай ташууга байланыштуу иликтөө уланарын кошумчалады. Бонди операциядан кыска видео да жарыялады.

Венесуэланын бийлиги Вашингтондун бул аракетине жооп кылып кескин билдирүү таратты. Каракастын айтымында, Трамптын максаты - ар дайым «Венесуэланын мунайын акысыз тартып алуу» болгон.

Мамлекеттик билдирүүдө мындай деп жазылган:

«АКШнын Венесуэлага карата көп жылдан берки агрессиясынын чыныгы себептери ачыкка чыкты. Бул миграция жөнүндө эмес. Бул наркотрафик жөнүндө эмес. Бул демократия же адам укуктары жөнүндө да эмес. Маселе ар дайым биздин табигый ресурстарда — мунайда, энергияда болчу. Алар Венесуэла элине гана таандык».

Акыркы жумаларда АКШ Венесуэла жээгиндеги аскердик күчүн күчөттү. Вашингтон бул аракеттерди «наркотрафикке каршы операция» деп түшүндүрсө, Каракас аларды режимди алмаштыруу аракети деп эсептейт.

Учурда Венесуэланын мунай өндүрүшү санкция алдында турат, бирок Chevron сыяктуу айрым компанияларга өзгөчө уруксат берилген. Chevron Венесуэладагы көптөгөн кендерде иштеп, мамлекеттик мунай компаниясы PDVSA менен бирге иш алып барат.

Ноябрдын аягында Дональд Трамп менен Венесуэланын президенти Николас Мадуронун телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган.

Сентябрдан бери АКШ Кариб деңизинде баңгизат ташууга шектелген 20дан ашык кемеге сокку урду. Бул операциялардын жыйынтыгында кеминде 87 адам мерт болду.

Өткөн дүйшөмбүдө Трамп Politico басылмасына берген маегинде «Мадуронун күндөрү саналуу» экенин, керек болсо АКШ Венесуэлага кургактагы аскерлерди киргизиши мүмкүн экенин айткан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз