Австралиядагы теракт: Каза болгондордун саны 16 жетти

Австралиянын Сидней шаарындагы Бондай пляжында болгон атышууда каза болгондордун саны 16 адамга жетти. Бул тууралуу The Sydney Morning Herald басылмасы кабарлады. Дагы 42 адам, алардын ичинде төрт бала жана эки полиция кызматкери бар, ооруканага жаткырылды.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 14 адам окуя болгон жерде каза тапкан. Ал эми 10 жаштагы кыз менен 40 жаштагы эркек киши ооруканада көз жумган. Полициянын билдирүүсүндө, каза болгондордун эң улуусу 87 жашта экени айтылды.

Сиднейдеги атышуу эки куралчан адам тарабынан жасалган. Австралия полициясы бул окуяны теракт деп баалады. Укук коргоочулар 14-декабрь жөөттөрдүн Ханука майрамынын биринчи күнүнө туш келгенин такташты. Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салуу бир нече ай бою даярдалган. Окуя болгон жерден жардыруучу зат табылган.

Кол салгандардын бири полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн, экинчиси жаракат алып, полициянын көзөмөлүндө ооруканага жеткирилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз